https://sputnik.kg/20241009/meriya-naktalay-emes-tolom-rekordduk-korsotkuch-1089332664.html
Бишкек мэриясы: автобустарда накталай эмес төлөм рекорддук көрсөткүчкө жетти
Бишкек мэриясы: автобустарда накталай эмес төлөм рекорддук көрсөткүчкө жетти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 2024-жылдын тогуз айында Бишкектеги троллейбустар менен автобустарда жол кире акысы 72 миллион жолу накталай эмес төлөнгөн. Бул... 09.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-09T13:10+0600
2024-10-09T13:10+0600
2024-10-09T13:10+0600
бишкек
коомдук транспорт
мэрия
накталай эмес
төлөм
сапар
тариф
https://sputnik.kg/img/07e7/08/13/1077950333_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_80619cb5a0037a10364cd61ba284c614.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 2024-жылдын тогуз айында Бишкектеги троллейбустар менен автобустарда жол кире акысы 72 миллион жолу накталай эмес төлөнгөн. Бул тууралуу "Тулпар" операциялык долбоорунун директору Бекжан Акматбеков билдирди.Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп. Мындай рекорддук өсүш транспорттук парктын жаңыланышы жана QR төлөмдөрүнүн популярдуулугунан улам мүмкүн болгон.Сентябрь рекорддук ай болгон, анда накталай эмес система аркылуу 11 миллиондон ашык сапар төлөнгөн. Ал эми 2022-жылы 7 миллион сапар накталай эмес төлөнсө, 2023-жылы 24 миллионго жеткен.
https://sputnik.kg/20241009/kyrgyzstan-bishkek-zhamalbek-yrsaliyev-1089328614.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/13/1077950333_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_23d14083df82b70e3feb1d3c7dcd781f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, коомдук транспорт, мэрия, накталай эмес, төлөм, сапар, тариф
бишкек, коомдук транспорт, мэрия, накталай эмес, төлөм, сапар, тариф
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 2024-жылдын тогуз айында Бишкектеги троллейбустар менен автобустарда жол кире акысы 72 миллион жолу накталай эмес төлөнгөн. Бул тууралуу "Тулпар" операциялык долбоорунун директору Бекжан Акматбеков билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп. Мындай рекорддук өсүш транспорттук парктын жаңыланышы жана QR төлөмдөрүнүн популярдуулугунан улам мүмкүн болгон.
"Акыркы жылдары коомдук транспортту модернизациялоодо олуттуу иштер жасалды. "Тулпар" долбоорунун алкагында QR сыяктуу заманбап төлөм ыкмаларын колдонуу жарандар арасында тездик менен жайылды. 2024-жылы накталай эмес төлөнгөн сапарлардын орточо айлык саны 8 миллионго жетип, күнүнө орто эсеп менен 400 миң сапар накталай эмес төлөнөт", — деди Акматбеков.
Сентябрь рекорддук ай болгон, анда накталай эмес система аркылуу 11 миллиондон ашык сапар төлөнгөн. Ал эми 2022-жылы 7 миллион сапар накталай эмес төлөнсө, 2023-жылы 24 миллионго жеткен.
9 Тогуздун айы 2024, 10:26