00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:05
40 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Ар бийликтин учурунда эрке балдар болгон, бирок кези келгенде биринчи ошолор жазаланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаевге кайрылып жатып айтты. Буга чейин депутат Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары өз укугунан аша чаап, анын ишине кийлигишкенин айткан. Парламентке чакырылган Нурдан Орунтаев түшүнбөстүк болуп кеткенин, орун басарына эмнеге депутаттарды анын мекемесинен эч ким коштоп жүрбөгөнүн эле айтканын белгиледи. Бул жоопко спикер ынанбаган өңдүү. "Айтылган сөз — атылган ок. Айткан соң аны жымсалдаштын кереги жок. Бул кечирилгис ката. Бүгүн дагы жыйынга атайын чакыруу менен келип жатасыз. Сиз эмне өзгөчөсүзбү? Көп эркелебеңиз! Ар бийликтин учурунда эрке балдар болгон сизге окшогон. Алардын тагдырын көргөнбүз, кези келгенде биринчи ошолор жазаланат. Эркелесеңиз да чолчоңдобой жүрүңүз, кулагыңызга күмүш сырга", — деди Шакиев.
Министрлер кабинети курулуш компанияларын үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирген норма иштеп чыгууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. "Эгерде көп кабаттуу үй курулуп жатса бизге курулуштун планын көрсөтүшөт, ал жерде канча тургун жашай турганын эсептейбиз. Буга ылайык, биз курулуш компанияларын социалдык объектилерди, бала бакча, мектептерди курууга милдеттендиребиз", — деди Бакыт Төрөбаев. Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекке мектеп жана бала бакча курууга жумшоо пландалган Сауд өнүктүрүү фондунан 50 миллион доллар бөлүү боюнча келишимди ратификациялоо депутаттардын кароосуна коюларын билдирди.
Бишкектеги балдар клиникасында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 33 жаштагы анестезиолог-реаниматолог 1 340 ампуланы уурдаган. Ал 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде иштеп келген. Медициналык жайдын директорунун атынан жасалма ишеним каттарды даярдап, баңгизат жана психотроптук каражаттарды уурдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды.
АКШ Иран менен согушууну көздөбөйт жана аны менен катар эле Израилдин Тегеранга карата жооп кылчу аскердик пландары боюнча так позициясын билүүгө умтулат. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингхтин айтканына таянып жазды. "Биз так түшүндүрдүк: Иран менен согушту көздөбөйбүз", — деген Сингх брифинг учурунда. Маалымат катчынын орун басары муну АКШ Израиль армиясы жакында Иран жасаган ракета чабуулуна жооп катары кол салса Тель-Авивди колдойбу деген суроого жооп берип жатканда айткан. Пентагон өкүлүнүн билдиргенине таянсак, Вашингтон өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы союздашынан алдыдагы кадамдары боюнча так жооп алууну көздөйт. "Биз буга кандай жооп болорун болжолдоп, алдын ала айта албайбыз", — деген аткаминер.
Жаңылыктар түрмөгү
0