Коррупцияга каршы күрөшкө салым кошчу адистерди даярдоо программасы ачылды
Жазылуу
Борбордук Азиядагы коррупция маселелерин изилдөө институтунун жетекчиси Эркайым Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эксперттер жетишпей жатканын айтат.
Өлкөдө биринчи жолу коррупцияга каршы күрөшкө салым кошо ала турган адистерди даярдоо үчүн магистрдик программа ачылды. Бул тууралуу Эркайым Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Коррупцияга каршы күрөшкө салым кошчу адистерди даярдоо программасы ачылды
Анын айтымында, алгачкы 25 абитуриент 30-сентябрдан тартып билим алып баштады.
"Бүгүнкү күндө баарыбыз коррупция тууралуу кеп кылабыз. Ал тургай кичинекей балдар дагы айтат. Ал жашообузда төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин орун алган. Албетте, бул кейиштүү көрүнүш. Бизде паракорчулукка каршы аракеттенүүдө өз ишин мыкты билген эксперттер жетишпейт. Ошондуктан быйыл ПРООН жана Башкаруу академиясынын колдоосу менен "Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү" магистрдик программасын ачтык. Бул үчүн үч жыл даярдандык. Мында укук коргоо органдары гана эмес, ар тармактын адистери да билим алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бир жыл бою интенсивдүү сабактар өтүлөт. Учурда алгачкы 25 абитуриент 30-сентябрдан тартып билим алып баштады. Алар 24-сентябрда кирүү экзамендерин тапшырып, кабыл алынган. Каалоочулар көп экен, сыноого жалпы 60тан ашуун жаран катышты. Белгилей кетсем, аталган магистрдик программа жөн жерден ачылган жок. Буга чейин Борбордук Азиядагы коррупция маселелерин изилдөө институту бир жылдык сертификациялык программа менен эксперттерди даярдап келген. Бирок бул аздык кылат", — деди Мамбеталиева.
Жетекчи ошондой эле магистранттар кечки окуу формасында билим алышарын жана окуу акысыз экенин кошумчалады.