00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дүйнөлүк баалардын өсүшү, күйүүчү майдын тартыштыгы жана айыл чарбанын келечеги! Кыргызстан бул чакырыктарга кантип жооп берүүдө?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что защищают российские комплексы С-300 в Кыргызстане - эксперт о современных угрозах
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Адилет соттук териштирүү: улуттук стратегия жана жарандардын укуктарын коргоо
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда жарандарга техникалык паспорттор электрондук форматта бериле баштады
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI кодун каттоо боюнча жыйын өткөрдүНоокатта өспүрүмдөр чатакташып, 14 жаштагы бала каза болдуСадыр Жапаров иш сапары менен Россияга кетти. Алдыда кененирээкСадыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Расмий делегациянын курамындагылар: министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев; тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев; президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов; КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков. Эскерте кетсек, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
Зарылдык жаралса уюлдук телефондордун IMEI кодун каттоо менен алектенген компания менен келишим бузулушу ыктымал. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, минкаб башчысы Акылбек Жапаров ИИМ жана Бажы кызматынын жетекчилери менен кеңешме өткөргөн. Анда уюлдук телефондордун IMEI кодун Мамлекеттик идентификациялоо системасында каттоо маселеси козголгон. Жапаров жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана аткезчилик менен күрөшүү үчүн бул өнөктүктүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге каттоодогу айрым көйгөйлөрдөн улам эл нааразы болуп жатканына токтолгон. Минкаб төрагасы көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырып, зарыл болсо чечкиндүү кадамдар, анын ичинде IMEI-коддорду каттаган компания менен келишимдин бузулушу мүмкүн экенин эскертти.
Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарындагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоору министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Ага ылайык, Жалал-Абаддын Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Атантай, Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша, Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын Арык уулу жана Гүлистан, Чүйдүн Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын статусу жогорулайт. Жергиликтүү тургундардын демилгелүүлүгү, активдүүлүгү жана жоопкерчилиги күчөйт.
Ноокаттагы медреседе каза болгон өспүрүм дем салдырууга келген. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, 14 жашар баланы дем салдырууга медресеге үч күнгө таштап кетишкен, өспүрүм ал жерде окуган эмес. Ал эми кылмышка шектелген 16 жаштагы тарбиялануучу медреседе билим алчу. "Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Окуя түндө болгон. Түрдүү версиялар айтылып жатат, андыктан жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен дагы маалымат беребиз", — деп билдиришти муфтияттан. Эске салсак, 6-октябрда Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр чатакташып, 16 жаштагысы 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жибергени кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0