00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:03
44 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Таберик
Биз билбеген "Интергельпо" тууралуу
17:08
18 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Tunduk тиркемесиндеги маалыматтар мамлекеттик органдардын базасында сакталат — чочулоонун кереги жок
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Искусство воплощения: что важно для актёра?
18:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Өзгөндө төрт балалуу аялды өзүнүн короосунда балталап кетиштиЭрдоган Израилдин Газа жана Ливандан кийинки бутасы "түрк жерлери" болушу мүмкүндүгүн айттыЫсык-Көл облусу Томск аймагы менен боордош болду алдыда кененирээкКыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Россиянын Томск облусу боордош аймактардан болушту. Бул туурасында КР Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматта бул Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен ишке ашкандыгы айтылат. "Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Томск облусунун губернатору Владимир Мазур соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Мындан тышкары, алар 2026-жылга чейин өнөр жай жана соода, айыл чарба, илим жана техника, билим берүү, саламаттык сактоо, маалыматтык технологиялар, маданият жана искусство, туризм жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү тууралуу жол картасына дагы кол коюшту", — деп айтылат маалыматта. Кол коюу аземи видеобайланыш форматында өткөн.
Ѳзгѳндө 24 жаштагы киши 28 жаштагы келинди балталап салган. Бул тууралуу Ош облустук ИИБден билдиришти. Буга чейин соцтармак колдонуучусу Өзгөндө төрт баланын апасы өз короосунда балталанганы, балдардын кичүүсү бир жашта экени жазылган маалымат менен бөлүшкөн. Облустук милиция бул маалыматка жооп кылып, кылмыш боюнча кабар 4-октябрь күнү түшкөнүн белгиледи. "Ѳзгѳн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну 28 жаштагы К. М. аттуу аялды өзү жашаган үйдүн короосунда балталанган. Кылмышка кошунасы шектелүүдө. Кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат милициянын маалыматында. Кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылды.
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум башталганын Sputnik Казакстан жазды. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү 10 325 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүргүзүлүүдө, ага 12 миллиондон ашык жарандын катышуусу күтүлүп жатат. Анда казакстандыктар: "Сиз Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна макулсузбу?" – деген суроого жооп беришет. Референдумда добуш берүү саат 20:00гө чейин улантылат. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги дүйнөнүн 59 мамлекетинде 74 шайлоо тилкеси ачылганын билдирди. Анын ичинде Россияда жүргөн казакстандыктар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Астрахань жана Омск шаарларында добуш бере алышат.Ал эми референдумдун жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарына 7-октябрдан 12-октябрга чейин жарыяланат.
Израилдин пландары Газа тилкеси, Иордандын батыш жээги жана Ливан менен эле чектелбейт, алардын кийинки бутасы "түрк жерлери" болушу ыктымал. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Адана-Шакирпаша аэропортунда өткөн авиация, космос жана технология фестивалында айтканын Anadolu кабарлады. "Израиль арамза планын ишке ашырууда. Бутасы Газа тилкеси, Иордан дарыясынын батыш жээги жана Ливан менен эле чектелбейт. Булардын түпкү максатын билүү үчүн пайгамбар же көзү ачык болуштун кажети жок. Тарыхты, саясатты жана дипломатияны түшүнгөндөр Иерусалим, Аль-Акса мечити жана "бейиш жер" тууралуу жомоктун ортосундагы байланышты көрө алат. Убада кылынган "бейиш жер" боюнча иллюзияны биз жакшы билебиз. Алар Түркияга каршы чыгуу үчүн жандалбастап жатат", — деди Эрдоган. Анын айтымында, Израиль эч тартынбастан баш катчысы Антониу Гутеррешти нон грата персонасы деп жарыялап, БУУга каршы чыгып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0