00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы да көтөрүлөт. Бул туурасында Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлеринин майрамы менен куттуктоосунда билдирди. Өлкө башчы ар бир кесиптин башында мугалим турарын белгилеп, аларга ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле бийлик учурда Кыргызстандагы билим берүү тутумун өнүктүрүүгө болгон аракетин жумшап жатканын кошумчалады. "Мектеп жетишсиздиги, окуу китептери одоно каталар менен басылып чыккан көйгөйлөр бара-бара жоюлуп, окутуунун заманбап ыкмаларын пайдаланууга басым жасалып, сандан сапатка өтүп баратабыз. Ошондо гана өлкөбүздө мугалимдер берилүү менен иштейт, натыйжа чыгарат, ийгилик жаратат. Кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалагандар жыл өткөн сайын артып барат. Буюрса мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт", — деди президент. Жапаров куттуктоо сөзүнүн соңунда мугалимдер балдарга билим гана бербестен, мекенчил муунду тарбиялаарын белгилеп, аларга чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалады.
Борбор калаадагы Арча-Бешик конушунда кызды сүзүп кеткен Lexus 470 унаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Кырсык кечээ саат 18:30дар чамасында болгон. Алгач үч жашар кыз каза болгону айтылган эле, бирок бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кырсыктан 2014-жылы туулган кыз каза болгонун тастыктады. “Эр-Тайлак көчөсүндө чыгышты көздөй бараткан Lexus 470 үлгүсүндөгү унаанын 16 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай көчөдөгү 10 жаштагы жүргүнчүнү коюп, андан кийин бала бакчанын короосун талкалап кирип кеткен. Кырсыктын жыйынтыгында жүргүнчү кыз алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон”, — деп айтылат маалыматта. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
7-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, "Белинский" суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 7-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас жана Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт ошондой эле мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Кытайдын Гонконг атайын административдик районунда 90дон ашык адам В тобундагы стрептококк чакырган инфекцияга кабылып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости аймактын ден соолукту коргоо борборуна таянып жазды. Соңку маалыматтар боюнча, 91 бейтаптын 40ы ооруканадан чыгарылды. Медициналык жайлардагы 43 бейтаптын абалы туруктуу, төрт киши оор абалда жана дагы төрт оорулуу каза тапкан. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы 75 бейтап оорунун симптомдору пайда болгонго чейин тузсуз суудан кармалган, бышыра элек балыктарды жегенин көрсөткөн. Оорулуулар Гонконгдун ар кайсы аймактарында жашаганы, балыктар 18 райондогу 47 базардан сатып алынганы аныкталган. Бейтаптардан инфекциянын ST283 штаммы чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0