00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров уулу Рустам жана бир туугандарынын мамлекеттик иштерге аралашкан-аралашпаганы боюнча "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда айтты. "Бир дагы бир тууганыбызды мамлекеттик иштерге аралаштырган жокпуз жана аралаштырбайбыз. Мен аларга мамлекет менен иш кылбагыла деп дайыма айтып келем. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек", — деген Жапаров. Анткен менен уулу Рустам болсо инвесторлорду тартуу боюнча иштеп, Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүргөнүн айткан. "Кудай буюрса, эмдиги жылы ачылышын кылабыз деп турабыз. Биринчи жолу аянты боюнча Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы курулат. Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат", — деген президент. Алдыдагы беш жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деген максат менен иштеп жаткандыгын айтып, "жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт" деп кошумчалаган.
Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Ага ылайык, бензин менен дизелдик отунду милдеттүү маркалоо талабы кечээтен тарта киргизилди. Импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалдарга молекулярдык маркерлер колдонулат. "Жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат. Молекулярдык маркер күйүүчү майдын структурасына кирип, жуулуп кетпейт. Бул системаны ишке киргизүү күйүүчү-майлоочу майдын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюп, рынокто күйүүчү майдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясына 1 миллион сом айып төлөө өкүмү чыкканын Биринчи май райондук соту билдирди. Пара талап кылууга айыпталган адам соттун чечими менен акталган. Анын аракетинде кылмыштын курамы жок экени белгиленди. "Ошол эле учурда сот аны "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага эки миллион сом айып салынган. Бирок узак убакыт камакта болгондуктан айып пулдун суммасы бир миллион сомго кыскартылган. Өкүм чыккандан кийин сот залынан бошотулду, бөгөт чарасы сыртка чыкпоого өзгөртүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы 12 миң доллар пара алды деп март айында кармалган.
Электр энергиясынын жалпы рыногу евразиялык энергетикалык интеграциянын флагманы болуп калды. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Ал евразиялык "бештиктин" бул рынокту түзүү чечими электр энергиясына бирдей бааны, тарифтерди жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү үчүн рационалдуу чечим болгонун белгилеген. ЕЭКтин маалымат кызматы Евразия өкмөттөр аралык кеңеши бүгүн ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногунун иштөө эрежелерин түзүү жумуштары аяктаганын кабарлады. ЕАЭБдин электр энергиясы рыногу боюнча маалымат алмашуу эрежелери Еревандагы жыйында бекитилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0