00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Камсыздандыруу полистерин "Кыргыз почтасы" ААКнын каалаган филиалында төлөөгө болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому менен "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган меморандумга кол коюшкан."Мындай чечим элдин камсыздандыруу полистерин төлөөсүн бир кыйла ыңгайлуу кылат, алар үчүн төлөм пунктулары жеткиликтүү да болот", — деп айтылат маалыматта.Министрлик меморандумда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү каралганын дагы кошумчалады.
Ош облусунун Ноокат районунда 1,2 миллиард сомдук пайдалуу кен байлыгы бар жер мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти."Ноокат райадминистрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде Найман айылдык аймагында жайгашкан Улуу-Тоо кенине караштуу жер пайдалуу кен байлыктары менен бирге менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен "Р.У.Т." ЖАКтын менчигине өткөрүлүп берилгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук актынын негизинде пайдалуу кен байлыктарды камтыган 381,74 гектар жер 1 миллиард 246 миллион 560 миң сомго бааланып, мамлекеттин балансына алынган.
Ереванда III Евразия экономикалык форуму башталды.Иш-чаранын 2024-жылдагы негизги темасы – "ЕАЭБге 10 жыл: келечеги жана артыкчылыктары". ЕЭФ-2024түн катышуучулары ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсү, ар тараптуу кооперация жана технологиялык кызматташуу, санариптештирүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, ички рыноктун сапаты жана ишкердикти колдоо, эл аралык кызматташуу маселелерин талкуулашат. Форумдун бизнес бөлүгүндөгү сессиялардын темалары евразиялык "бештиктин" күн тартибинде биргелешкен көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелердин чечимдерин табууга багытталган. Форум Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына туш келди. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрү, бизнес-лидерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Быйыл Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылууда.**Учурда Израилде Кыргызстандын 100гө жакын жараны бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, өлкөнүн Түркиядагы элчилиги алар менен байланышта болуп, бардык керектүү жардамды көрсөтүп жатат. "Биз Израилде, Палестинада, Ливанда эмне болуп жатканына көз салуудабыз. Министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири — чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргоо", — деди маалымат кызматы. Кувейттеги элчилик Ливандагы кыргызстандыктар менен байланышта экени белгиленди.Буга чейин Тышкы иштер министрлиги бул өлкөлөрдүн чек арасындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга Израиль менен Ливанга баруудан баш тартууну сунуштаган. Кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүү же мүмкүн болсо кырдаал турукташканга чейин бул өлкөлөрдөн чыгып кетүү эскертилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0