00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
On air
06:58
1 мин
Күн башат
Мугалимдерге да мотивация керек! – педагогдор арасында өткөн иш-чара, сынактардын мааниси
07:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как при помощи арт-терапии решить проблемы с самооценкой?
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Сот өкүлчүлүгү институту реформаланат. Эмне өзгөрөт?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как поддержка русского языка способствует развитию кыргызского
12:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Бишкеклифт" борбордогу 48 лифтти модернизацияланды — быйыл жалпы канча лифт жаңыланат?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ОПЕК фонду менен жеке сектордо кызматташуу Кыргызстанга эмне берет?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Славяне и тюрки: история веков дружбы и взаимодействия — беседа с историком
14:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жумушчуларды камсыздандыруу кандай таризде жүрөт?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Новые торговые пути, как основа меняющегося Мира- беседа с Муратом Мусабаевым
16:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2024-2034-жылдары Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду - эмнелер жасалат?
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
53 мин
Ачык кеп
Жумушчуларды камсыздандыруу кандай таризде жүрөт?
23:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Эми камсыздандыруу полисин "Кыргыз почтасынын" филиалдарынан төлөөгө болотБилим берүү министрлиги жаш окумуштуулардын арасында сынак жарыяладыКыргызстанда "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" жаңы программасы ишке киреталдыда кененирээк Кыргызстанда "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" аттуу жаңы программа ачылып жатканын Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова маалымат жыйында билдирди. Ал белгилегендей, долбоор октябрь айында ишке киргизиле баштайт. Анын алкагында Кыргызстанга Евразиянын 10 өлкөсүнүн өкүлдөрү келет. "Көпчүлүк "Евразия менен тааныш" долбоорунун аянтчасы Россияда гана болот деп ойлошкон. Бирок андай эмес. Биз РФтен тажрыйба топтоп келип, эми "Евразия менен тааныш. Кыргызстан" долбоорун ишке киргизүүгө даярбыз. Евразия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстанга келип туристтик жайларды гана кыдырып тим болбостон, кыргыз жаштары менен интернетсиз, прессасыз баарлашат", — деди Аршинова. Ал долбоордун негизги максаты Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн жаштарын жалпы салттуу руханий баалуулуктардын негизинде бириктирүү экенин белгиледи. Долбоордо маданият менен тарых, үрп-адаттар жана салттар камтылат.
Камсыздандыруу полистерин жана ОСАГОну "Кыргыз почтасы" ААКнын каалаган филиалында төлөөгө болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому менен "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган меморандумга кол коюшкан. "Мындай чечим элдин камсыздандыруу полистерин төлөөсүн бир кыйла ыңгайлуу кылат, алар үчүн төлөм пунктулары жеткиликтүү да болот", — деп айтылат маалыматта. Министрлик меморандумда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү каралганын дагы кошумчалады.
Жаш окумуштуулардын арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Максаты жаштар арасында илимий изилдөөлөргө дем берүү, келечектүү илимпоздорду табуу жана колдоо, илимди жана инновацияларды жайылтуу болуп саналары белгиленди. Сынакка илимий даражасы бар экендигине карабастан 35 жашка чейинки изилдөөчүлөр, окумуштуулар катыша алат. Сынак өткөрүлө турган номинациялар:"Жылдын эң мыкты илимий макаласы"; "Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору; "Жылдын мыкты жаш окумуштуусу". Сынакка тапшырыктар кыргыз, орус жана англис тилдеринде 30-октябрга чейин кабыл алынат.
Израиль армиясы Газа тилкесиндеги мектепке сокку урганын, ал жерде ХАМАС кыймылынын командалык борбору жайгашкандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Жакында эле Израилдин Аскер-аба күчтөрү ХАМАС террорчуларына таамай чабуул жасады. Ал жерде кыймылдын Газа боюнча командачылык кылган борбору жайгашкан. Мурда Абу Жафар аль-Мансур атында болгон мектепти террорчулар Израиль мамлекетине жана Израиль армиясына каршы терактыларды жасоо үчүн пайдаланган", — деп айтылат алар тараткан билдирүүдө. Дагы бир маалыматта Израиль армиясы Ливан багытында Бейруттун тегерек-четиндеги имараттарына биринчи ирет чабуул жасаганы айтылган.Израилдин Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы 23-сентябрда эртең менен Ливандын түштүк жана чыгышындагы кыштактарды жапырт аткылоого алды. Ондогон айылдар жабыркады. Ливандын шииттик "Хезболла" кыймылынын аскерлери Израилдин түндүгүн карай ондогон ракеталарды кое берди. Ливан өкмөтү буга чейин БУУдан чатакка кийлигишип, Израилдин агрессиясын токтотууну талап кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0