00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
10:54
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Зачем детям и студентам развивать эмоциональный интеллект?
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өкмөт айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө басым жасоодо. ЕАЭБге экспортко эшик ачылабы?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Проверка на дорогах: все о новой системе проверки знаний ПДД у водителей-нарушителей
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Путин жана Трамптын телефондон сүйлөшүүсү кандай маселерди чечет — Зеленский Батышка кереги жок
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эт азыктарын даярдоо арбыды – Сан менен сапат талаптарга жооп береби?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Русский театр драмы: новые постановки и жизнь «по ту сторону кулис»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
2025-жылдын жаз айында кандай кийимдер, өңдөр трендде?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Зеленый Бишкек: кто ухаживает за деревьями и клумбами столицы?
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” аттуу анимациялык мультсериалдар жарык көрдү
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
15 мин
По следам истории
«Птенец» Раззакова: кто он и чем прославился Сабырдин Турсунов?
20:16
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
13 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эт азыктарын даярдоо арбыды – Сан менен сапат талаптарга жооп береби?
21:14
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Ветеринардык эрежелерди бузгандар үчүн жаза киргизген мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, малдын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу жана жоюу, аларды кармоо, ташуу, айдап өтүү талаптарын, өлүгүн көмүү, жок кылуу боюнча жана башка ветеринардык-санитардык эрежелерди бузгандарга жеке тараптарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сомго чейин айып салынат.Ушундай эле айыптар Мамлекеттик токой фондунда дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же мал жаюу үчүн көрсөтүлгөн. Ал эми жаныбарлардын карантини боюнча чектөөлөр бузулса 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып каралган. Мындан тышкары, жаныбарлардан алынуучу азыктарга байланыштуу санитардык талаптар бузулса 12 500 сомдон баштап кайсы эреже бузулганына жараша 60 миң сомго чейинки айыптар сунушталган. Мыйзамда каралган эрежелер жыл ичинде кайрадан бузулса айыптын өлчөмү эки эсеге чейин жогорулатылышы мүмкүн экени белгиленди. Улуттук банк QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүнүн негизги тенденцияларын айтып берди. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-сентябрына карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 63,2 миңден ашуун QR-коддор орнотулса, 2023-жылдын аягына карата - 38,9 миң QR-код орнотулган. Аймактар боюнча алсак, Баткен облусунда – 1 630; Жалал-Абад облусунда – 4 719; Ысык-Көл облусунда – 3 205; Нарын облусунда – 1 245; Ош облусунда – 5 678; Талас менен Чүй облусунда -1361; Бишкек шаарында 24984 QR-код орнотулган. Бишкектин престиждүү аймагында жайгашкан жер тилкелер мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 35 сотых беш муниципалдык жер тилке мыйзамсыз сатылган. "Кызмат адамдары бул жер тилкелерин жеке адамдарга берүү үчүн коррупциялык схема түзүп, Ленин райондук администрациясынын токтомунан көчүрмөлөрдү бурмалашкан. Аталган жерге турак жай комплексин куруу пландалган", — деп айтылган маалыматта. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында наркы 300 миллион сомдук жер тилке мамлекетке өткөнү кошумчаланды.Бишкектин "майлуу-сүттүү" аймагындагы 5 жер тилке мамлекетке кайтарылды. Россиянын өзөктүк доктринасына өзгөртүүлөрдүн киргизилиши — кастарын тиккен мамлекеттерге кагылган коңгуроо. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий ПескОв билдиргенин РИА Новости жазды. "Ар кыл каражат менен өлкөбүзгө кол салууга ниеттенип жаткан мамлекеттерге анын кесепетин эске салчу белги", — деди Кремлдин өкүлү. Песков "акылга таянып иш кылган өлкө башчылары" буга чейин деле Путиндин сөзүнүн олуттуулугун түшүнүп келишкенин, "азыркыдай курч каршылашуу" маалында Россия лидеринин билдирүүсүнө мурункудан да этият мамиле жасап калышарын белгилеген. Маалымат катчынын айтымында, Россиянын өзөктүк дарамети жана анын өзөктүк кол салуудан кармап туруудагы ролу бүтүндөй дүйнөгө белгилүү. Песков азыркы тапта доктринага өзгөртүүлөр өлкө чек арасын бойлой жаралган чыңалууга жараша киргизилип жатканын кошумчалады.
Жазылуу
Ветеринардык эрежелерди бузгандар үчүн жаза киргизген мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, малдын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу жана жоюу, аларды кармоо, ташуу, айдап өтүү талаптарын, өлүгүн көмүү, жок кылуу боюнча жана башка ветеринардык-санитардык эрежелерди бузгандарга жеке тараптарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сомго чейин айып салынат.Ушундай эле айыптар Мамлекеттик токой фондунда дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же мал жаюу үчүн көрсөтүлгөн. Ал эми жаныбарлардын карантини боюнча чектөөлөр бузулса 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып каралган. Мындан тышкары, жаныбарлардан алынуучу азыктарга байланыштуу санитардык талаптар бузулса 12 500 сомдон баштап кайсы эреже бузулганына жараша 60 миң сомго чейинки айыптар сунушталган. Мыйзамда каралган эрежелер жыл ичинде кайрадан бузулса айыптын өлчөмү эки эсеге чейин жогорулатылышы мүмкүн экени белгиленди.
Улуттук банк QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүнүн негизги тенденцияларын айтып берди. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-сентябрына карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 63,2 миңден ашуун QR-коддор орнотулса, 2023-жылдын аягына карата - 38,9 миң QR-код орнотулган. Аймактар боюнча алсак, Баткен облусунда – 1 630; Жалал-Абад облусунда – 4 719; Ысык-Көл облусунда – 3 205; Нарын облусунда – 1 245; Ош облусунда – 5 678; Талас менен Чүй облусунда -1361; Бишкек шаарында 24984 QR-код орнотулган.
Бишкектин престиждүү аймагында жайгашкан жер тилкелер мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 35 сотых беш муниципалдык жер тилке мыйзамсыз сатылган. "Кызмат адамдары бул жер тилкелерин жеке адамдарга берүү үчүн коррупциялык схема түзүп, Ленин райондук администрациясынын токтомунан көчүрмөлөрдү бурмалашкан. Аталган жерге турак жай комплексин куруу пландалган", — деп айтылган маалыматта. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында наркы 300 миллион сомдук жер тилке мамлекетке өткөнү кошумчаланды.Бишкектин "майлуу-сүттүү" аймагындагы 5 жер тилке мамлекетке кайтарылды.
Россиянын өзөктүк доктринасына өзгөртүүлөрдүн киргизилиши — кастарын тиккен мамлекеттерге кагылган коңгуроо. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий ПескОв билдиргенин РИА Новости жазды. "Ар кыл каражат менен өлкөбүзгө кол салууга ниеттенип жаткан мамлекеттерге анын кесепетин эске салчу белги", — деди Кремлдин өкүлү. Песков "акылга таянып иш кылган өлкө башчылары" буга чейин деле Путиндин сөзүнүн олуттуулугун түшүнүп келишкенин, "азыркыдай курч каршылашуу" маалында Россия лидеринин билдирүүсүнө мурункудан да этият мамиле жасап калышарын белгилеген. Маалымат катчынын айтымында, Россиянын өзөктүк дарамети жана анын өзөктүк кол салуудан кармап туруудагы ролу бүтүндөй дүйнөгө белгилүү. Песков азыркы тапта доктринага өзгөртүүлөр өлкө чек арасын бойлой жаралган чыңалууга жараша киргизилип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0