00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
13:05
25 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
13:34
25 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
0 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Об экономике и не только
Центральная Азия: новый узел влияния в геополитике? Беседа с Тимофеем Бордачевым
20:06
54 мин
Ачык кеп
Сасык тумоону жана курч респиратордук ооруларды алдын алуу
23:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Улуттук банк соңку үч жылда экономикадагы акча массасынын өскөнүнө түшүндүрмө берди. "Интернет-баракчаларда айрым адамдар бийлик акыркы үч жыл аралыгында өлкөнүн экономикасындагы акчанын санын кыйла көбөйткөндүгү жөнүндө ар кандай маалыматтарды таратууда", — деп жазылган маалыматта.Башкы банктын жообундагы урунтуу учурларына токтолсок:бул убакытта өлкөнүн номиналдуу ИДПсы 639,7 миллиард сомдон 1,2 триллион сомго же 92,1 пайызга өскөн. Кыргызстандын экономикасында өндүрүш 2020-жылдан 2023-жылга чейин 30,2 пайызга жогорулаган; "монетизациялоо коэффициенти" 41-44 пайыз деңгээлинде кармалып турган. Бул көрсөткүчтүн туруктуулугу өлкөдө акчанын саны менен экономикалык жигердүүлүктүн өз ара шайкеш катышын билдирет; алмашуу курсунун динамикасы акча массасынын өсүшү өлкөдө экономикалык жигердүүлүк менен шартталгандыгын күбөлөндүрөт.
Гүлшат Асылбаева экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Асылбева буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы болуп эмгектенип келгени маалым.
Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыярат үчүн Кыргызстанга 6 000 квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Муфтият учурда ажылык сапарды уюштуруу боюнча штаб түзүлүп, иш кызуу жүрүп жатканын белгилеген. Эскерте кетсек, быйылкы ажылыкка Сауд Арабия Падышалыгы 6000ден ашуун орун бөлгөн.
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акылбек Талантбеков 2027-жылдын 11-июнуна чейин мелдештерден четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтына жарыяланды.Маалыматка караганда, спортчудан 2023-жылдын 10-апрелиндеги текшерүүдө тыюу салынган метастерон аныкталган. Сайттан спортчуну алгач 2023-жылдын 12-июнуна чейин убактылуу четтетүү чечими кабыл алынганын, бирок териштирүүдөн кийин төрт жылга дисквалификация кылганын көрүүгө болот. Эске салсак, Акылбек Талантбеков былтыр апрелде Астанадагы Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп, чемпион болгон. Спортчу 82 килограмм салмакта финалдык беттеште казакстандык Диас Календи уткан. Эми алтын медаль казакстандык спортчуга өтмөкчү.
Пекин Ливандын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана улуттук намысын коргоо иштеринде катуу колдоого аларын БУУнун Башкы Ассамблеясында Кытайдын ТИМ башчысы Ван И Ливандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Абдалла Бу Хабиб менен жолукканда айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды."Кытай Ливандын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана улуттук намысын айныксыз колдойт. Кырдаал кандай гана жакка өзгөрбөсүн, биз адилеттүүлүктү колдоп, араб туугандарыбыз, анын ичинде Ливан тарапта турабыз", — деген Ван И.Дипломат Кытай аймактагы кырдаалдын, өзгөчө Ливандагы жабдуулар жарылган окуяга байланыштуу абалдын кийинки өнүгүп бараткан чыңалууга дыкаттык менен көз салып турганын жана жай жарандарга ылгабай жасалган чабуулдарга чечкиндүү каршы чыгарын билдирген.Министрдин айтымында, күч колдонуу укугу тынчтыкты гана бузушу мүмкүн, ал эми "зомбулукка зомбулук менен жооп берүү" Жакынкы Чыгыштагы кагылышууну чечпей, тескерисинче, отту тутандырып, гуманитардык ири апаатка алып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0