00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Россия Кыргызстанга трансплантация боюнча жардам берүүгө даяр экени айтылдыСаат 16-00гө карата алынган маалымат боюнча Сузакта шайлоочулардын 9 пайыздан ашыгырагы добуш брдиАкылбек Жапаров Бишкек ЖЭБге барып, кышка даярдыктарды текшерди алдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБге барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, минкаб башчысы негизги өндүрүштүк цехтерди көрүп, жабдуулардын абалы менен таанышып, ЖЭБдин учурдагы абалы жана жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча отчетторду укту. Жапаров кышкы мезгилге сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле бардык тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду. Жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө, ошондой эле жабдууларды модернизациялоо боюнча тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата 11 миң 680 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдады. Ага ылайык, ушул сааттарга чейин 11 680 шайлоочу ( 9,39%) саясий өнөктүктө өз тандоосун жасады. Белгиленгендей, округда шайлоочулардын саны 124 миң 429ду түзөт, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%). Саясий өнөктүктө мандат үчүн 7 талапкер ат салышууда. Учурда жалпы 81 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө. Кечки саат сегизде шайлоо тилкелери жабылат. Андан соң шайлоо бюллетендери АСУлардан келип түшкөн маалыматтар менен да жана кол менен да эсептелет.
Россия менен Кыргызстандын медиктери бир катар багыттар боюнча кызматташат. Бул тууралуу РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында кабарланган. Тараптар биринчи медициналык жардам, дарыгерлердин ишинде жасалма интеллектини колдонуу, медкамсыздандыруу системасын жакшыртуу жана меджардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга көмөктөшүүнү талкуулашты. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри донордук органдардын жана трансплантациянын эффективдүү кызматын түзүүгө, өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилесе, Михаил Мурашко Россия бул багытта методикалык жана практикалык жардам берүүгө даяр экенин айтты. Ошондой эле эки министр медициналык билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине кеңири токтолушкан.
Кыргызстанга акча которулардын дээрлик 93%ы Россиядан жасалган Январдан июлга чейин өлкөгө 1 миллиард 671,6 миллион доллар которулса, көпчүлүгү (1 миллиард 552,4 миллион доллар) Россиядан келген. Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат.
Түштүк Африка Республикасында күтүүсүз жааган кардан улам жолдор жабылып, коммуналдык кызматтардын иши үзгүлтүккө учурады. Маанилүү делген трассада кыймыл токтоп, жабыр тарткандарды издөө үчүн армия тартылууда. Видеосун Sputnik Кыргызстан - негизги жаңылыктар тг каналынан көрө аласыздар.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 24 тыйынга 1 евро 94 сом 5 тыйынга 1 рубль 90 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом 20 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ23-сентябрга караган түнү тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 23-сентябрь, дүйшөмбүдө өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас, Нарын облустарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +26...+31, Ысык-Көл кылаасында +17...+22 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ош шаарында +28...+30 градуска чейин жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0