00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:05
48 мин
Ачык кеп
Өлкө тамак-аш коопсуздугу мыйзамына, БАДдар боюнча илимий изилдөөлөргө жана кадрларга абдан муктаж
23:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаарлардын мэрлеринин жана райондордун акимдери менен видеоконференция режиминде кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды. Бюджеттик колдоо, экономиканы өнүктүрүү, объектилерди куруу жана инфраструктураны жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Акылбек Жапаров бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринин негизги милдети экенин баса белгиледи. Ал чыгымдарды катуу көзөмөлгө алуу жана социалдык дагы, инфраструктуралык дагы долбоорлорду каржылоодо айкындуулукту камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал жыйындын катышуучуларын пландаштыруунун жана бюджетти башкаруунун заманбап ыкмаларын, анын ичинде каражаттардын чыгымдалышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик технологияларды колдонууну жигердүү киргизүүгө чакырды. Бул, анын пикири боюнча, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатууга жана калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Кулжада 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Ага ылайык, Камчыбек Ташиев 3 ай аралыгында бүт шарты менен курулуп бүткөрүлгөн жаңы турак жайды жергиликтүү тургундардын, аксакалдардын катышуусунда Чырмаш Молдояровдордун үй-бүлөсүнө тапшырды. Бул үй-бүлөдө 10 баланын бешөөсүнүн майыптыгы бар. УКМК башчысы жергиликтүү тургундарга келерки жылы Өзгөндөн Кара-Кулжага кеткен жол оңдолорун да айта кетти. “Президент тапшырма берип, өз көзөмөлүмө алдым. Мен көзөмөлгө алсам, иш жакшы бүтөрүн билесиңер да”, — деди Ташиев. Молдояровдорго жаңы үй бардык заманбап жашоо шарты менен тургузулду. Камчыбек Ташиевге жергиликтүү аксакалдар ыраазы болуп, батасын беришти.
Бишкектин чок ортосунда айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Жарманкеге өлкөдө чыгарылган жана органикалык азыктардын түрү коюлган.Ал борбор азиялык "Органик экспо — 2024" форумунун алкагында уюштурулган. Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер планын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы жана Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленгени айтылды. Форумга Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Россия жана башка 10дон ашык мамлекеттен 50дөй спикер, 200дөн ашык эксперт келген.
Ливанда пейджерлердин массалык жарылуусу — террордук актынын таптакыр жаңы түрү. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Евразиялык аялдар форумунун алкагындагы брифингде билдирди. "Бул масштабы боюнча да эл кадыресе колдонуп келген жаңы технологиялардын террордук максатта пайдаланылган терактынын жаңы түрү", — деди ал. Дипломат ондогон киши чабуулдун курмандыгы болгонун, алардын арасында балдар да бар экенин белгиледи. Захарованын айтымында, дегеле тарыхта мындай мүнөздөгү окуя катталган эмес. ТИМ өкүлү Россия түзүлгөн кооптуу кырдаалга тынчсызданып жатканына токтолгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0