00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
ОМС и лечение в стационаре: за что платит государство, а за что - пациент?
08:04
44 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Альтернативдик кызмат кимдер үчүн? Жол-жобо, шарт жана баа маселеси
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет — максаты кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
15:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Санариптешүү доорунда жакындарга кантип сапаттуу көңүл бура алабыз?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Көлөкө»: кыз-жигит мамилесиндеги кооптуу чек кайда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Министрлик: мектеп тамак-ашына ата-энелер да көмөктөшсө болот

© Sputnik / Кенжебай СатканалиевБилим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө бекиген жобо тууралуу маалымат берди.
Мектеп тамак-ашына 2006-жылдан бери 7 сомдон, тоолуу аймактарда 10 сомдон бөлүнүп келген. 2024-жылдын 1-январынан тартып ал 14 сомго көтөрүлгөн. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Министрлик: мектеп тамак-ашына ата-энелер да көмөктөшсө болот
Анын айтымында, "Мерсико" эл аралык уюму мектеп ашканаларын заманбап жабдыктар менен камсыздоого жардам берет.
"Республика боюнча мектепте тамак уюштуруу улуттук программасы 2006-жылы кабыл алынган. Анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч класстар үчүн ысык тамак уюштурулган. Башында токоч менен эле чай берилчү. 2017-жылдан баштап ысык тамакка өткөрүлгөн. Бул боюнча саясатты Билим берүү министрлиги жүргүзөт. Быйыл 28-августта министрлер кабинети "Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" жобону бекитти. Анда ата-энелердин, аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мекемелердин укуктары менен милдеттери так жазылган. Анын ичинде мектеп тамак-ашынын нормалары да кирген. Бул жобо Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштелип чыкты. Мындан тышкары, аталган жобонун өзгөчөлүгү катары жыл өткөн сайын айрым санитардык нормаларга да кошумча-алымчалар киргизилип турат. Муну менен катар балдардын ден соолугуна, тамак-аштын сапатына абдан чоң көңүл бурулат, экологиялык таза, сапаттуу азык-түлүктөр менен камсыздалышы керек. Ошол максатта жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана ишкерлер менен кызматташуу механизми да иштелип чыкты. Экинчиден, балдарды тамак-аш менен камсыздоо бир гана мектептин милдети эмес. Ата-энелер менен чогуу жүргүзө турган иш. 2024-жылдан бери тамак-ашка бөлүнүп келген 14 сом деле жетишсиз. Ошондуктан балдарга сапаттуу, пайдалуу ысык тамак уюштурууну кааласак, анда ата-энелер да кошумча каражат чогултушат. Тактап айтканда, бул ата-энелердин өз ыктыяры менен ишке ашышы керек. Каалабаса чогултпайт. Ал акчаны ата-энелер мугалимге бербейт. Көп эле мектептерде атайын эсеп ачылган, ата-энелер андан отчёт алып турушат. Мындан тышкары, атайын комиссиянын курамына кирип, тамак-аштын сапатын көзөмөлдөй алышат. Муну менен катар коомдук тамактануу тармагында кесиптик билими жок жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш кызматкерлери сертификацияланып, ошондой эле мектептеги тамактанууну уюштуруу боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясы системалуу түрдө өркүндөтүлөт", — деди Кусеинова.
Ал Дүйнөлүк тамак-аш коопсуздугу уюму жана "Мерсико" уюму донор катары 900 мектепке жардам көрсөтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0