00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
12:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ала-Арча паркына эми унаалар киргизилбейт — паркта эмнелер өзгөрөт?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Россияда мигранттарга көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алуу керек?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Троянский конь для ЦА по-японски — беседа с аналитиком
14:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Сохранить историю через археологию. О реализации программы раскопок «Тайны древней истории»
16:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Мусорят сами же альпинисты» — волонтеры о походе для очистки от мусора пиков Ленина и Хан-Тенгри
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:06
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.Анда кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланганы айтылды."Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин белгиледи. Бул багытта Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт. Өз кезегинде кыргыз тарап германиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга даяр", —деп жазылган маалыматта.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-герман мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүүнү макулдашканы кошумчаланды.
Милдеттүү аскердик кызматты өтөгөн адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуу акысын 50 пайызга төмөндөтүү сунушталды.Мыйзам долбоорун депутаттар Айбек Маткеримов, Динара Ашимова, Марлен Маматалиев, Эрнис Айдаралиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Анда аскерге барып келгендер жарандык турмушка аралашуусу кыйынчылык туудурары, окуу акысын арзандатуу алардын билим алуусуна, кесипке ээ болуусуна өбөлгө болору жазылган.Аскердик кызматкерлерди колдоо, социалдык адаптациялоону стимулдаштыруу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Бул мыйзам долбоору социалдык адилеттүүлүк, эмгегин таануу жана өлкөнүн кадрдык потенциалын чыңдоо негиздерине жооп берери айтылды.Ошондой эле аталган демилге жаштарды аскердик милдетин өтөөгө кызыктырары кошумчаланган.
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине сентябрда 59 ишкана киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, натыйжада реестрге кирген жалпы ишканалардын саны 413кө жетти. Учурда ЕАЭБдин реестрине катталгандар: сүт азыктарын өндүрүү — 44; бал өндүрүү жана сатуу — 68; балык өстүрүү, кайра иштетүү — 44; эт азыктарын өндүрүү — 21; улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3; мал союучу ишканалар — 11; тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу — 35; канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар — 10; жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү — 23; жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 139; жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү — 14; ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу — 1. Мындан тышкары, Кытайдын реестринде — 24, Өзбекстандыкында – 43, Түркияныкына 12 ишкана киргени кошумчаланды.
Meta* компаниясы RT телеканалы менен "Россия сегодня" медиатобунун платформаларындагы тиркемелерин чектеген кадамын таштады. Бул туурасында РИА Новости NBC News телеканалына таянып билдирди. "Тыкыр жасалган анализдерден кийин Россиянын мамлекеттик ЖМКларына каршы жасалган кадамдарыбызды кеңейтүүнү чечтик. Аталган түзүмгө кирген RT телеканалы менен "Россия сегодня" медиатобу чет элдик болуп туруп киришкени үчүн биздин тиркемелерде блоктолду", — деп айтылган алардын маалыматында. Эске салсак, АКШнын Финансы министрлиги 4-сентябрда "Россия сегодня" медиатобуна, РИА Новости, Sputnik, Ruptly, RT телеканалына каршы мамилесин катаалданткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0