00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Борбор калаада автоунаа токтотуу системасы санариптештирилет
11:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Комфорт и цифровые билеты: как меняются железнодорожные перевозки в КР
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Агродиалог 2026: айыл чарбадагы келечектин жол картасы болуп бере алабы
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Өлкөдөгү мыкты стартаптардын бири "Гидропоника" долбоору кантип түптөлгөн?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мечиттер эми диний уюм эмес, диний объект болуп саналат. Жаңы мыйзам

© Sputnik / Кенжебай СатканалиевПрезидентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канатбек Мидин уулу
Президентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канатбек Мидин уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2024
Жазылуу
Президентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канатбек Мидин уулу коомдук талкууга коюлган мыйзамдар пакети сунушталардан мурда бир нече этаптан өткөнүн айтты.
Өлкөдө дин тутунуу чөйрөсүндө тартип орнотуу үчүн сунушталып жаткан мыйзам долбоору көп жылдан бери даярдалып келген. Долбоорду биздин мекеменин алдындагы жумушчу топ иштеп чыгып, буга чейин да коомдук талкууга бир ирет чыккан. Анда айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, азыркы редакциясын иштеп чыктык. Буга мекемелер аралык комиссия да катышты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга илинерден мурда эксперттердин, аалымдардын, дин тармагындагы адамдардын талкуусунан өткөн. Аймактарда талкуулар уюштурулуп, коомчулуктун пикирин да укканбыз. Бизде диний кырдаалды изилдөөчү илимий борбор бар. Мыйзам долбоорун жазарда алардын мониторинг жүргүзүп, жасаган иликтөөлөрү да эске алынган. Бул тууралуу Канатбек Мидин уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мечиттер эми диний уюм эмес, диний объект болуп саналат. Жаңы мыйзам
Анын айтымында, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы менен кошо аракеттеги беш мыйзамга да өзгөртүүлөр сунушталууда.
"Өлкөдө дин тутунууну жөнгө салуу багытында чоң мыйзамдар пакети сунушталууда. Ал кабыл алынган соң да башка укуктук-ченемдик актылар иштелип чыгып, ишке ашат. Учурда коомдук талкууда турган мыйзам долбоору боюнча социалдык тармактарда атайын терс пикирлерди жаратып, адаштырган маалыматтарды берген адамдар болууда. Мисалы, ошол эле адамдын жүзүн жаап кийинүүсүнө коюлуучу чектөө тууралуу сөз жүрүп жатса, мыйзамда кыз-келиндер башка салынган жоолук же хиджабды чеч деп жатат деп маалымат таратып, терс пикир жаратуу аракетин көргөндөр болууда. Биз, тескерисинче, салттуу диндерден четтеп кетпейли, коргойлу, өлкөбүздүн светтик макамынан чыкпайлы деп жатабыз. Светтик өлкө дегенде да атеисттик деп түшүнбөшүбүз керек. Бул жарандардын дин тутунуу укугун чектебеген, бирок саясатка динди аралаштырбаган, мамлекеттик, стратегиялык чечимдерди кабыл алууда динден алыс болгон мамлекет дегенди түшүндүрөт. Учурда жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен кошо иштеп жаткан мыйзамдарга да толуктоолор кирүүдө. Ага ылайык, эми мечиттер диний уюм эмес, диний объект болуп саналат. Буга чейин мечиттер да диний уюм деп белгиленип келген эле", — деди Мидин уулу.
Ал сунушталып жаткан мыйзамдар өлкөдөгү бардык диндерге тиешелүү болорун, аны бир эле диндин өкүлдөрү өзүнө карата кабыл албашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0