00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Безопасность еды по правилам ЕАЭС: готов ли бизнес к новым требованиям
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Курулуш секторун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тармактагы эң чоң көйгөй кайсы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Афганстан бийлигинин Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Нурулло Амин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланган. Жапаров кыргыз тарап Афганстан менен соода-экономикалык алаканы, транспорттук байланышты жакшыртууга жана кен иштетүү багытында иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле энергетика, өндүрүш, айыл чарба багытында кызматташуу келечеги боюнча кеп козголду. Нурулло Амин жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты жакшыртууга үмүт артты. Бул жолугушуу Кабулдун "Кыргызстан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды" деген маалыматына утурлай эле өттү. Жакында эле Башкы прокуратура өлкөдө тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын тизмесин жарыялаган. Анда аталган кыймыл жок болуп чыккан. Расмий Бишкек бул боюнча үн ката элек.
Кыргызстан үчүнчү өлкөлөргө малдын экспортун убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, чектөө электрондук системада малдын идентификациясын иретке келтирүүгө байланыштуу киргизилип жатат. "Үчүнчү өлкөлөргө ири мүйүздүү мал, майда жандык жана жылкы экспортоого уруксат берүү убактылуу токтотулду. Бул чара малдын так эсебин аныктоо, ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышын күчөтүүгө багытталган. Мындай кадам ички рынокто жана эл аралык өнөктөштөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. Инвентаризация 15-20 күнгө созулуп, ушул мезгилде берилген арыздар инвентаризация бүткөн соң артыкчылыктуу тартипте каралары кошумчаланды.
Өлкөгө алгачкы Bombardier Dash 8 Q400 учагы алып келинди.Аба кемесин "Манас" аэропортунан "суу аркасы" менен тосуп алышты. Салтанатта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл этегине чейин мындай учактан дагы үчөө келерин айтты.Аталган учактар Канададан чыгарылып, 80 адамга ылайыкталган. Бийлик бул аба транспорту өлкө ичиндеги каттамдарды аткарарын айтып келет.
АКШ президенти Жозеф Байдендин баласы Хантер Байден салык кылмыштары боюнча тагылган айыптын ар бир пунктун мойнуна алганын РИА Новости NBC News телеканалына таянып жазды. Президенттин 54 жаштагы баласына өкүм чыгаруу 16-декабрга дайындалган. Бейшемби күнү Хантер Байдендин жактоочулары ал сотто тергөө менен кызматташарын, бул коюлган олуттуу күнөөлөрдү моюнга алууга болорун, анткен менен ал салык төлөөдөн качты дегенге кошулбай турганын айткан. Буга чейин Делавэр штатынын соту Хантер Байденди курал сактоо боюнча мыйзам бузуулар боюнча айыпталган бардык беренелер менен күнөөлүү деп тапкан. Прокуратуранын маалыматына таянсак, анын баңгизат пайдалангандыгы тапанча сатып алуу укугунан ажыраткан. Сурак учурунда калп айтканы жана куралды 2018-жылдын октябрында алганы, андан соң тыюу салынган заттарды колдонгон учурунда деле тапанчага ээлик кылып жүргөнү айтылды.Байден 25 жылга чейин эркинен ажыратылып, 750 миң доллар айыпка жыгылышы мүмкүн. Бирок мындай иш менен биринчи ирет күнөөлөнүп жаткандарга эркинен ажыратуу практикасы колдонулбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0