00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Проблема решения дорожных пробок, «махинации с бананами» и матч КР и РУз по футболу
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Сергек жашоо – ден соолуктун булагы. Аялдарга спорттун кайсы түрү пайдалуу?
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызматтарды көрсөтөт? - Аларды акысыз пайдалануу үчүн эмне кылуу керек?
17:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстандын ар тармактагы кесипкөй жарандарына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Жогорку сыйлык көзү өтүп кеткен кыргызстандыктарга да ыйгарылды. Салтанат "Ынтымак ордодо" өтүп, сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды. "Бүгүн улуттун улуу күнү – Кыргызстандын Эгемендик күнүн белгилеп, ыйык дөөлөтүбүздү жана болгон жетишкендиктерибизди даңазалап жатабыз", — деген мамлекет башчы. Президент социалдык-экономикалык, интеллектуалдык, маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо чечимин кабыл алганын айтты.
Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпы 2 миң 377 мектеп бар, анын ичинен мамлекеттик – 2 миң 173, жеке менчик – 204. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27 мектепке көп. Жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны 1 миллион 491 миң. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп. Ал эми өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тили болуп беш тилде жүргүзүлөт. Алсак, 1 миң 668 мектепте окутуу бир тилде жүргүзүлөт, тагыраагы кыргыз тилинде – 1 миң 368 мектепте, орус тилинде – 274, өзбек тилинде – 18, тажик тилинде – 3, англис тилинде – 5 мектепте окуучулар билим алышат. Мындан тышкары, 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт. 2024-2025-окуу жылына карата орус тилдүү билим берүү мекемелеринде 307 кыргыз класстарын ачуу пландалууда.
Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 1-сентябрынан тартып, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтомуна ылайык, бир катар продукциялар үчүн милдеттүү акциздик маркалоо киргизиле тургандыгын маалымдайт. Көрсөтүлгөн күндөн тартып өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар акциздик марка менен товарларды маркалоого милдеттүү. Ал эми маркаланбаган товарлардын калдыктарын акциздик маркалоо киргизилген учурдан тартып 6 ай өткөндөн кийин жүгүртүүгө тыюу салынары айтылды.
31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанатта Бишкектеги “Ала-Тоо”аянтынан 502 бала ата-энесинен адашып калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ маалымдады. Билдирмеге ылайык, балдардын баары табылып жакындарына кайтарылган. Милиция майрамдык салтанатта аянтка 80 миңден ашык адам келгенин кошумчалады. Кечеде өзгөчө кылмыштуу окуялар катталган эмес, коомдук тартипти бузгандарга административдик чаралар көрүлгөн. Эгемендүүлүк күнүндө борбор калаадагы тартипти 5000ден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алды. Айта кетсек, кечээ Кыргызстан көз карандысыздыктын 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0