00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя социалдык контракттын катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн берилет. 6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар социалдык контракттын катышуучулары бизнес-планга ылайык, ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Катышуучуларга пайызсыз насыя берилгенден кийин 3 ай жеңилдик алышат, андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен каражаттарды төлөй башташат. Министрлик программага катышуу үчүн жарандар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл экендигин белгиледи. Социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырган 600 кишиге 200 миң сомдон банктар аркылуу насыя берилерин президент Садыр Жапаров 22-майда билдирген.
2024-жылдын соңунда ЕАЭБде евразиялык транспорттук жол менен жүрүү үчүн атайын макулдашууга кол коюлат. Бул — автоунаалардын бирдиктүү параметрлери тууралуу документ. Анда салмак, октук басымдар жана автокөлүктүн жүк габарити канча болуш керектиги белгиленген. Ошондой эле Евразиялык биримдиктин ичиндеги жүк ташуучулардын түйшүгүн азайтуу үчүн жасалган аракет десе болот. ЕЭКтен аталган биримдикке мүчө мамлекеттерде нормалар ар кыл экендигин, бул нерсе параметрлерден улам айланып келип эле аларды айып пул төлөөгө тушуктураарын белгилешкен. Учурда өлкөлөр арасындагы мамлекеттик ички процедуралар аяктап калганын айтышты.
Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган атамекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө саат 11:00дөн 16:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат. Анда тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана автоөндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт. Көргөзмө-жарманкеде 100дөн ашуун атамекендик компаниянын өкүлдөрү жана алардын продукциялары менен таанышып, жергиликтүү ишканалардын потенциалына баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Украин аскерлери Курск облусунда жай жашоочулары уурдап кетип жатышат, Россия тарап учурда алардын тизмесин түздү. Бул туурасында ТИМдин Киев режиминин кылмыштары жаатындагы өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдиргенин РИА Новости жазды. "Украина согушкерлеринин адамдарды уурдаганы боюнча маалыматтар бар. Алар жай жарандарды кармап алып, белгисиз тарапка алып кетип жатышат. Байланыш жок. Кайда алып кетишти? Украинанын аймагынан чыгып, жашыруун түрмөлөрдө же жер төлөдө кармалып турушабы?" — деди Мирошник. Элчи украин бөлүктөрү террорчу катары жүрүшкөнүн айтты. Ошондой эле Мирошник аталган маселе боюнча РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, Коргоо министрлиги иш алып барып жаткандыгын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0