00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстандын Эгемендик күнүн белгилөө учурунда борбор калаанын "Ала-Тоо" аянты жана бир катар көчөлөр автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди. 31-августта чектөө кире турган көчөлөрдүн тизмеси: Чүй простпектинин Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү; Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Тоголок Молдого чейинки бөлүгү; Орозбеков менен Раззаков көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүктөрү; Ибраимов көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат; Ошондой эле Чыңгыз Айтматов, Манас проспекти, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрү да маал-маалы менен жабылып турат.
Борбор калаада жол кырсыктан Тез жардам кызматынын медиктери менен айдоочусу жабыркаган. Бул туурасында Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун директору Искендер Шаяхметов Sputnik агенттигине билдирди. Окуя кечээ кечинде Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Медиктер жол кырсыктан кансыраган бейтапты алып баратып көп узабай, тагыраагы, Манас проспекти менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен дагы автокырсыкка кабылган. Анда BMW унаасы менен сүзүшүп, реаниматолог дарыгер башынан жаракат алган. Фельдшердин мээси чайкалып, моюнун оорутуп алган. Айдоочунун да мээси чайкалып, жеңил жаракат алган. Кансырап бараткан бейтап бул кырсыктан жабыркаган эмес. Шаяхметов дарыгер Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө, фельдшер менен айдоочу амбулатордук дарыланууда экенин кошумчалады. Ал эми жеңил автоунаанын рулундагы киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган эмес.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында заманбап call-борбор ачылды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган кызмат фатва бөлүмүнүн алдында түптөлүп, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган. Муфтий Абдулазиз Закиров маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо жарандар үйүндө отуруп эле дин боюнча суроолоруна жооп ала турган мындай борбордун керек экендигин айткан. Фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиев фатва маселелеринде мыкты, тажрыйбалуу, кесипкөй устаздар жарандардын дин, шарият боюнча соболдоруна жооп беришерин билдирген. Бул кызматты пайдалануу үчүн 0550557775 номуруна чалуу керек. Дин жаатындагы суроосу барлар дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 9:00 дөн 17:00гө дейре кайрыла алат.
АКШнын Украина армиясынын америкалык куралдар менен Россиянын түпкүрүнө чабуул коюшу боюнча учурдагы чектөөлөрдү алуу ниети жок. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдердин айтканын РИА Новости жазды. "Украина өзүн коргоо жана чек ара чабуулдарына жооп кайтаруу үчүн АКШнын аскердик жардамын пайдалана алат. Ал эми алыскы аралыкка, Россиянын түпкүрүнө сокку уруу жаатында айта турган болсок, биздин саясат мурдагысындай эле кала бермекчи", — деген Райдер.АКШ менен Украинадагы жогорку кызматтагы аткаминерлердин айтканына таянган европалык ЖМКлар америкалык бийлик Киев режимине Россиянын түпкүрүнө алардын куралы менен чабуул жасашына уруксат бербей тургандыктарын жазышкан. Себеби алар мунун жыйынтыгында Москва менен байланышын кайрадан баштоого ниеттенип жатканы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0