00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Эгемендүүлүк майрамында чет элдик ырчылар акысыз ырдай турганы айтылдыПариж прокуратурасы Дуровго 12 кылмыш боюнча күнөө тагып жататБишкек ТЭЦине көмүр келе баштады алдыда кененирээкКүз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр келе баштагынын мэрия билдирди. Маалыматта 180 миң тонна жогорку калориялуу көмүр Ак-Улак участкасынан, Миң-Куш кенинен ташылып келгени айтылат. Мындан тышкары, "Д" маркасындагы 250 миң тонна көмүрдү четтен алып келүүгө жана "Кыргыз көмүр" ишканасы менен 520 миң тонна Кабак көмүрүн алууга келишим түзүлүп, 50 миң тонна кыргыз көмүрүн алууга тендер жарыяланган. "Электр энергиясы жана жылуулук менен толук кандуу камсыздоо үчүн бир миллион тонна көмүр, 110 миллион куб метр газ жана 8 000 тонна мазут даярдоо пландаштырылууда", — деп жазылган билдирүүдө. Мэрия жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин жүргүзүлөрүн белгиледи. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194 миң тонна көмүр бар.
ӨКМ Бишкекте Октябрь районундагы Көк-Жар айылынан сууга агып кеткен 15 жаштагы бала изделип жатканын билдирди. Маалыматта кырсык 23-августта болгонун, кечээ өспүрүмдү издөөгө 30 куткаруучу жана баланын туугандары тартылганы айтылат. Издөө иштери бүгүн да улантылууда. Ал арада баланын ата-энеси коомчулукка кайрылып, 15 жаштагы Абдраман Аскарбеков Туңгуч кичи району жактан каналга агып кеткенин айтып, издөө иштерине жардамдашууну өтүнүшкөн. Атасы Намазбектин айтымында, баланын жанындагы 17 жаштагы агасынын куткарууга чамасы келбей калган. "Баланын жардам сураганын көргөндөр болгон. Акыркы ирет Горький — Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшүптүр, эс-учун жоготуп койгон экен. Андан ары бул суу Чоң Чүй каналына кошулат. Кайдыгер карабаган мекендештеримден баламды табышууга жардам сурайм", — деп жазылат кайрылууда.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанатта чет элдик белгилүү ырчылар акысыз ырдашат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, майрамга Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Амирчик Bosson жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID келип катышат. "Кызыгып сурагандар бар, жооп берип кетейин. Ырчыларга мамлекет тарабынан же жеке тараптар аркылуу дагы эч кандай гонорар төлөнбөйт. 100 жылдык мааракени куттуктап келишет. Болгону жатакана жана тамак-аш менен гана камсыздайбыз", — деген Орунбеков. Ал коомчулукту ырчылардын келүүсүнөн кынтык издебей жакшы маанайда концерт көрүп кетүүгө чакырган.
Telegram социалдык тармагын негиздеген Павел Дуров 12 кылмыш боюнча суракка алынууда, алардын көбү киберкылмыш жаатында. Бул туурасында РИА Новостиге Париж прокуратурасынан айтышкан. Ишкер төмөнкүлөргө шектелип жатат: уюшкан кылмыштуу топтун акчасын адалдоо; мыйзам бузуу үчүн уюшкан кылмыштуу топ түзүү; криптографикалык инструменттерди мыйзамсыз берүү менен ар кыл кызматтарды көрсөтүү. Ал мыйзамсыз которууларды жүргүзүүгө шарт түзгөн онлайн-платформаларды администрациялоо; жашы жете электердин порнографиялык мүнөздөгү сүрөттөрүн сактоо жана таратуу; баңгизаттарды алган, ташыган, сактаган жана башка бирөөлөргө берип турган; уюшуп алган топ аркылуу жасаган алдамчылык боюнча айыптар тагылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0