00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
УКМК: баасы 2 млрд. сом болгон стратегиялык объект мамлекетке кайтарылдыОшто өспүрүм кызды сексуалдык кулчулукта кармаган иш аныкталдыБишкектин четинде кара икра чыгарган цех курулат алдыда кененирээкРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду балыкты кайра иштетүү жана икра өндүрүү боюнча цехтин курулушуна 2 миллион 555 миң доллар бөлдү.Ленинское айылында жайгаша турган цех жылына 6,5-7 миң тонна балык продукциясын жана 8 тонна кара икра чыгарууга жөндөмдүү болот. Чыгарылган продукциянын баары азык-түлүк коопсуздугунун ХАССП жана ИСО стандарттарына жооп берери айтылды. Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев план боюнча Кыргызстан жылына 105 миң тонна балык продукциясын чыгарууга жетишиши керек экенин билдирди. Ал эми РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков өлкөнүн айыл чарбасы кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жатканын белгилеген. Мамлекет башчынын жарлыгы жана өкмөттүн колдоосу менен бул тармактагы бардык долбоорлор каржыланып, аягына чыгары айтылды.
Аянты 17,7 гектарды түзгөн эки миллиард сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.Маалыматта менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында завод жана ага жанаша жайгашкан стратегиялык маанидеги объектилерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганы айтылат. "Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери 2004-жылы "Кум-Шагыл" ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталды. Комплекс шагыл, майдаланган таш карьерин, ошондой эле чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдарды чыгарган заводду камтыйт. 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке жактарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес", — деп айтылат билдирүүдө. Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, убакытты созбой чара көрүүгө чакырды. Жаманбаевага бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган. "Жабырлануучунун жактоочусу Жахангир Сайфуллаевдин айтымында, аны ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп коебуз деп коркутуп келишкен. Жосунсуз аракеттерин видеого тартып интернетке чыгарышкан. Алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү кардарларынан акча алып турушкан. Акыйкатчы укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тез арада бардык чараларды көрүүнү талап кылат", — деп айтылат маалыматта. Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардам көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат. Жабырлануучу аны сабап, коркуткандардын баары эркиндикте жүргөндүктөн өмүрү коркунучта экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0