00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Сохранить историю через археологию. О реализации программы раскопок «Тайны древней истории»
16:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Мусорят сами же альпинисты» — волонтеры о походе для очистки от мусора пиков Ленина и Хан-Тенгри
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:06
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Милиция Бишкекте 37 жаштагы адамдын каза болгону боюнча маалымат берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2024
Жазылуу
Башкы прокуратура Бишкек ШИИББдин кызматкерине карата "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте 9-август күнү милиционерлер жанын кыймакчы болгон адамды кармаганда ал каза болуп калган. Бишкек ШИИББ окуя тууралуу маалымат берди.
Шаардык милициянын билдирүүсү боюнча, бул окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, текшерүү иштери башталды.

"9-август күнү саат 22:37де милициянын нөөмөт бөлүмүнө чакыруу түшкөн. Кызматкерлер чакырылган жерге барганда адам үчүнчү кабаттан секирмекчи болуп жаткан. Милиционерлер аны оюнан кайтууга көндүрүшүп, ылдый түшүп баратышканда ал Жибек Жолун көздөй качкан. Кызматкерлер жолдо башка адамдарга зыян келтирбеши үчүн жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн анын артынан барышкан. Бирок ал милиционерлерге баш ийбей, артынан 50 адам өлтүрүү үчүн келе жатканын айтып, түшүнүксүз аракеттерди жасаган. Милиция кызматкерлери аны тынчтандырууга аракет кылышып, колунан кармап жерге жаткырышкан. Милиция кызматкерлеринин күч колдонуусу КР мыйзамдарынын "КР укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартиби жөнүндөгү" 40-беренесинин талаптарына ылайык жөндөлгөн", — дешти Бишкек ШИИББден.

Ал эми каза болгон адам тууралуу төмөнкүлөр маалымдалды.
"Ал 36 жаштагы Иван аттуу жаран экендиги аныкталды. Иван психиатриялык ооруканада сегиз жолу стационардык дарылануудан өтүп, психикасы бузулган деген диагноз менен каттоодо тургандыгы такталды. Ошондой эле баңгизатка көз каранды экендиги, наркологиялык ооруканада каттоодо тургандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары, 2010-жылдан бери уурулук, денеге залал келтирүү, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү же коркутуу үчүн бир нече жолу соттолгон", — дешти милициядан.
И. С. милиция кызматкерлери кармоо учурунда каза болуп калганына байланыштуу иш прокуратурага өткөрүп берилген.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 9-август күнү И.С. Кыргыз улуттук университетинин имаратына "мени өлтүргүлөрү келип жатат" деп чуркап кирип, 3-кабаттан секирмекчи болгон. Адамдар ага жардам берүүнү каалап токтотууга аракет кылышкан, бирок ал эч кимди уккан эмес. Кийинчерээк ал имараттан чуркап чыгып, Жибек Жолун көздөй бет алган.
"Бишкек ШИИББдин милиция кызматкерлери К.Б. жана Д.Т. аталган дарекке барган учурда болжол менен 30-35 жаштагы европалык түспөлдөгү (кийин тастыкталгандай И.С.) жаран аныкталган. Укук коргоочулар кармалган кишини окуянын күбөлөрү ага дем жетпей жатканын айтканына, коё берүүнү суранганына карабай катуу басып жатып алышкан. Мунун кесепетинен эркек киши ошол жерден каза болгон", — деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Факт боюнча Бишкек ШИИББдин милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон.
Tunduk мобилдик тиркемеси. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2024
ИИМ: эми соттолбогондук тууралуу маалым катты үч саатта алууга болот
Жаңылыктар түрмөгү
0