00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Всемирный день чистоты: как Кыргызстан готовится к большому субботнику?
12:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызматтарды көрсөтөт? - Аларды акысыз пайдалануу үчүн эмне кылуу керек?
13:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Үлүштүк курулуш" турак жай каржылоо механизми кандай жеңилдиктерди берет?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Ежедневная авторская программа
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жерге мунапыс берүү ишин аяктоого кандай тоскоолдуктар жаралууда?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Экономический обзор недели
18:06
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстандын бильярд ардагерлери дүйнө чемпионатын багындырышты — кий чеберлеринин ийгиликтери
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Жерге мунапыс берүү ишин аяктоого кандай тоскоолдуктар жаралууда?
23:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенгожоев космоско учууну кыялданып, “Үчүнчү шар” аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат. “Ошол кыялды 60 жыл өткөндөн кийин сиз иш жүзүнө ашырдыңыз. “Туулган жердин топурагы алтын” деп Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып, космоско учуп, жалпы мамлекетибизге эбегейсиз сый-урмат алып келдиңиз. Кыргыз Республикасынын туңгуч космонавты — кыргыз жараны, Кыргызстандын кулуну Салижан Шарипов менен Кыргызстандын даңкы далайга кетти”, - деп айтылат куттуктоодо. Өлкө башчы ага бекем ден соолук, узак өмүр, албан-албан ийгиликтерди каалаган. Шарипов космоско эки жолу учуп, Кыргызстан менен Россиянын Баатыры болгон.
Кыргызстандын кесиптик-техникалык лицейлеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны өсүүдө. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистика комитетинин маалыматынан улам чыгарууга болот. Алсак, 2019-2020-окуу жылында өлкөдөгү орто кесиптик билим берүү уюмдарына 734 чет өлкөлүк жаран кабыл алынган, анын 204ү Казакстандан болсо, 287си россиялыктар. Студенттердин саны тынымсыз жогорулоодо. Маселен, 2023-2024-окуу жылында 1 463 чет элдик жаран тапшырса, анын 529у Казакстандан, 741и Россиядан келген. Армениядан Кыргызстандын кесиптик лицейлерине тапшыргандар жок болсо, Беларустан бир-экөө эле келген.Беш жылдын ичинде кесиптик-техникалык окуу жайларында чет өлкөлөрдөн келген студенттердин саны эки эсе көбөйгөн. Казакстандыктар менен россиялыктардын саны эки жарым эсеге өскөнүн көрүүгө болот.
Түндө Кыргызстанда жер титиреп, магнитудасы 5 баллга жетти. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты. Билдирмеге караганда, жер титирөөнүн очогу Баткенден 60 чакырым аралыкта жайгашкан. Силкинүү Кан, Сары-Талаа, Коргон, Жөө-Пая айылдарында 4 баллга чейин, Кыштут, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык айылдарында 3,5 балл, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Быйыл Украинада согуштан качкан жана аскердик бөлүктөрдү өз алдынча таштап кеткен 37 миң учурду катташкан, бул 2022-жылга салыштырмалуу төрт эсе көп. Мындай маалыматты РИА Новости агенттиги Новости.Live ресурсуна таянып кабарлады. Алар украиналык саясий жана коомдук ишмер Олеся Донияга таянып жазышкан. "Быйылкы жылдын жети айында баш-аягы 37 миң жолу дезертирлик жана аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кетип калган учур болгон", — деп айтылган басылманын сайтында. Дониянын айтымында, 2022-жылы мындай учур тогуз миң, ал эми былтыр 21 миң жолу кездешкен. "Аскер кызматкерлери чындыгында мындан эки эсеп көп дешти. Андыктан армияны бекемдеп, ал эми мобилизация боюнча ыкмаларды жөндөп, оңдоп-түзөш керек", — деген коомдук ишмер. Мындан мурдараак Жогорку Раданын депутаты Руслан Горбенко Украинада жергиликтүү аскер кызматкерлерине карата бөлүктү таштап же согушка баргандан баш тартканы үчүн 80 миңден ашык кылмыш иш козголгонун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0