БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Баткен облусунан 40 килограмм сымапты Бишкек шаарына мыйзамсыз алып келип сатууга аракет кылган киши Төө-Ашуудан кармалганын УКМКдан кабарлашты.Тиешелүү тараптарга мурдараак ири көлөмдөгү сымапты алып чыгып сатуу иштери пландалып жатканы боюнча маалымат түшкөн.Атайын кызмат учурда тергөө жүрүп жатканын, уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.
57 жаштагы киши кооптуу элементти сегиз миң долларга соодаламак болгон.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Баткен облусунан 40 килограмм сымапты Бишкек шаарына мыйзамсыз алып келип сатууга аракет кылган киши Төө-Ашуудан кармалганын УКМКдан кабарлашты.
Тиешелүү тараптарга мурдараак ири көлөмдөгү сымапты алып чыгып сатуу иштери пландалып жатканы боюнча маалымат түшкөн.
Тиешелүү тараптарга мурдараак ири көлөмдөгү сымапты алып чыгып сатуу иштери пландалып жатканы боюнча маалымат түшкөн.
"Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө-Ашуудан Г.Ж.А. аттуу жарандын автоунаасын тинтүү учурунда 40 килограмм сымап табылып, кармалган. Ал Бишкекке алып келип, сегиз миң долларга сатууга ниеттенген", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат учурда тергөө жүрүп жатканын, уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.