00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди. Маалымдалгандай, учурда бул долбоордун 60%зы аткарылды. Заводду 2025-жылы ишке киргизүү пландалууда. Ошондой эле МинКаб Төрагасы Таш-Көмүр шаарындагы жатакананын абалы менен таанышты. Имарат капиталдык оңдоону талап кылат. Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга оңдоо иштерин быйыл баштап, 2025-жылдын майынына карата 280 батирди пайдаланууга берүүнү тапшырды. Мындан тышкары, шаардын жолдорун куруу, муниципалдык атайын техникалар жана автобустар менен камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.
ЕАЭБдин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга бөгөт коюлбашы керек. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди. Ал Казакстан менен Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан Алматыдагы жолугушууда сүйлөдү. Анда Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын эркин кыймылын камсыздоого байланыштуу маселелер менен көйгөйлөр талкууланды. Министр биримдиктин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тоскоолдуктарды жаратууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.Анын айтымында, ЕЭК Россиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүктөрдү ташууда темир жол тарифинин жогорулашы боюнча Кыргызстандын кайрылуусун карап жатат. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да айтылды.
УКМК Бишкектеги мектептердин биринде системалуу коррупция жана акча талап кылуу фактылары аныкталганын билдирди Атайын кызматтын маалыматында мектеп өкүлү алардын билим жайына окуучуну которуу үчүн 18 миң сом талап кылганы айтылат. Акча аффилирленген жактар аркылуу электрондук түрдө которулган. Факты боюнча иш козголду.
Россия президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян армян-азербайжан мамилесин жөнгө салууну талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады. "Владимир Путиндин Бакуга болгон сапарындагы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүүлөрүн эске алуу менен армян-азербайжан мамилесин калыбына келтирүү маселелерин талкуулоо уланды", — деп айтылат билдирүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө Россия тарап Армения менен Азербайжанга тынчтык келишимин иштеп чыгууга, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин ыкчамдатууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарга коюлган чектөөлөрдү алууга көмөктөшөрү кошумчаланды. Тараптар, мындан тышкары, эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасында өсүү бар экенин белгилешкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0