00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин "2024-2025-окуу жылына жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө" буйругу бекиди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчиктик формасында 2024-2025-окуу жылы ушул жылдын 2-сентябрында башталат жана 2025-жылдын 26-майында аяктайт. Каникул убакытын эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста - 33 жуманы, 2-8-класска чейин жана 10-класстарда - 34 жуманы ал эми 9, 11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убактысын кошкондо 36 жуманы түзөт.480 сааттык "Наристе" мектепке чейинки даярдоо программасын окуган алты жаштагы балдар үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча эки жумага, ал эми 1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча бир жумага узартылат.
Бишкек – Кант унаа жолунун 12 чакырым аралыгына асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоодон өткөрүү муктаждыгы жаралган Бишкек – Кант унаа жолун талапка ылайык келтирүүгө министрликтин алдында атайын комиссиялык топ түзүлүп, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо жана изилдөө институтуна жолдун долбоорун жана сметалык документациясын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Уучурда элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек – Кант унаа жолунда аңдарды жамоо иштери аткарылды.
*Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан үйлөрдүн 95 пайызы бүттү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты.Ага ылайык, турак үйлөрдүн ачкычын журтташтарга Эгемендүүлүк майрамына карата тапшыруу пландалууда. "Объектилердин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 миллион сомду түзөт. Долбоор боюнча, алты бөлмөлүү турак үйлөр эки бүлөгө ылайыкталган. Жалпысынан 10 үй курулду", — деп айтылат маалыматта.Ошондой эле үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөрү кошумчалады.
Бириккен улуттар уюму маймыл чечеги күчөгөн учурга даяр туруу үчүн 18,5 миллион доллар бөлүүгө чакырды. Маалымат уюмдун сайтына жарыяланды. Миграция боюнча эл аралык уюму Африканын чыгыш жана түштүк тарабында маймыл чечегинин жайылышы мигранттарга жугуу тобокелчилигин жогорулатканын билдирген. Алар медициналык жардамга жана оору күчөп кете турган болсо колдоого муктаж болору айтылды. Чыгыш жана Түштүк Африка региону 12,2 миллион мигрантты кабыл алары белгиленген, бул жалпы Африкадагылардын тең жарымы. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, августтун башында маймыл чечеги катталган 12 африкалык мамлекеттин алтоо дал ушул региондо. Оорунун жаңы учурлары эми Кенияда, Бурундиде, Руандада жана Угандада катталды. Бөлүнүшү керек деген акча инфекцияны көзөмөлдөө, алдын алуу, өзгөчө чек ара аймактарындагы абалга тыкыр көз салуу үчүн керектелмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0