00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл республика боюнча 100дөн ашык өнөр жай ишканалары жана 100дөн ашык социалдык объектилер ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери реалдуу жана социалдык тармакта 44 ишкана ачылган. Ал эми 31-августка карата 39 өнөр жай объектинин ачылышы күтүлүүдө. Тактап айтканда, Баткен облусунда 5 ишкана ачылат. Ал эми Талас облусунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи заводдун ачылышы күтүлүүдө. Ош облусунда 8 объекттин ачылышы болсо, Чүйдо 13 ишкананын ачылышы пландалууда. Ысык-Көл облусунда 3, Нарында 4, Жалал-Абадда 2, Ош жана Бишкек шаарында 2ден ишкана ачылат. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө.
Жогорку кенештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКнын сурагынан чыкты. Эл өкүлү Sputnik агенттигине суракка күбө катары чакырылганын айтып берген. "Ыйман" фонду боюнча суракка чакырышты. Күбө катары көрсөтмө бердим, жүрүшүн ачыктабоо боюнча тил кат жазып бергендиктен чоо-жайын айта албайм", — деди Кадырбеков. Эл өкүлү "Ыйман" фондунун аудитинен кийин кылмыш иши козголгон-козголбогонун да айткан жок.
Бишкектин четинде велосипедчен баланы унаасы менен сүзүп алган 18 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу ШИИБ билдирди. 19-август күнү саат 22:00дөр чамасында Бишкектин Восток айылынын Ленин көчөсүндө Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 17 жаштагы велосипедчен баланы коюп кеткен. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Факт боюнча "Жол эрежесин бузуу, этиятсыздыктан залака келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.Буга чейин тергөө кызматына азыркы шектүүнүн атасы, 52 жаштагы тургун алып келинген. Ал уулун коргоо үчүн күнөөнү мойнуна алган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө рулда уулу болгону аныкталган. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Өзгөндөгү автобекет мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталганын УКМКдан билдиришти. 29-июлда кылмыш жоопкерчилигинен баш тартуу максатында 1 миллион 500 мин сом пара берүү учурунда Салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын түштүк региону боюнча бөлүм башчысы кармалган.Акча автобекеттин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени боюнча фактыны жашырып жана ишти козготпоо боюнча берилгени айтылды. Буга анын кандай тиешеси бар экенин атайын кызмат тактаган жок. "Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө "Өзгөн автобекетинин" акционерлери Өзгөн шаарындагы автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюндарына алып, ыктыярдуу түрдө Өзгөн мэриясынын балансына өткөрүп берилди", — деп айтылган маалыматта. Жогоруда аталган жер тилкесинин базар баасы 219 миллион 591 миң сомду түзөрү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0