00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-августтан 25-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. "Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалга күбө болгондорду 112 кызматына билдирүүнү өтүнөт.
Екатеринбург шаарындагы көп тармактуу универсалдуу миграциялык борбордо чет өлкөлүк жарандардын манжа изин каттоонун кыскарып кетиши техникалык жабдуулардын бузулушунан, ошондой эле Миграция кызматынын адистеринин жетишсиздигинен болгон. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Буга чейин кыргызстандык мигранттар Екатеринбургдагы аталган борбордо манжа издерин алуу боюнча жаралган көйгөйдү айтып, арызданышкан эле. "Жогорудагы себептен улам аталган борбордо өз убагында манжа изи боюнча каттоодон өтпөгөн Кыргызстандын жарандарынын саны өсүп кеткен. Тактап айтканда, Россиянын аймагына кирген учурдан тартып 30 күн ичинде катталуу керек", — деп айтылган анда. Екатеринбургдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү бул маселе боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигинин аталган калаадагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү кайрылуу жолдогон. Андан сырткары, Россиянын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунан бул маселе көзөмөлдө экенин айтышты.
Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 8 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 550 миң сом алып жаткан учурда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан милициянын капитаны кармалды. Кармалган кызматкер 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
"Жеткиликтүү турак жай" программасы аркылуу турак жай алуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, муниципалдык ипотекалык ишкана ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында калкты турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга “Жеткиликтүү турак жай” программасынын концепциясын иштеп чыккан. Анын алкагында бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы менен "Айыл Банк" ААКтын ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга ылайык, өлкө жарандары жашаган жерине, каттоосуна, иштеген ишине, ишмердүүлүгүнүн багытына карабастан 7-10 жылдык мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен турак жайлуу боло алат. Ишкананын үлүштүк курулуш программасы жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз баасында турак жайга ээ болуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана документтештирүүдө бир катар жеңилдиктерди берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0