00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ачык кеп
VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунан репортаж
23:05
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бишкек шаарында турак жай аянтын ижарага бергендерди салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы көп кабаттуу үйлөргө чарчы метри үчүн 30 сом, жеке үйлөргө 40 сомдон төлөнөт. Текшерүү шаардыктардын көп арыздануусуна байланыштуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында өткөрүлүп жатат. Свердлов районунун аймагында акимчиликтин кызматкерлери, райондук салык кызматынын инспекторлору менен биргеликте батир берүүчүлөрдүн маалымат базасын түзүп, бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдө иш жүргүзүлүүдө. Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, 7 500 сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч, 23 000 сом өлчөмүндө айып салынат.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу 2025-жылы башталат. Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди Маалыматка ылайык, курууга даярдык иштеринин басымдуу бөлүгү жасалып бүткөн. Тактап айтканда 2,5 чакырым жол салынып, зым тартылып, мамылар орнотулган. Ошондой эле 31-августка чейин туннель толугу менен казылып бүтөрү кабарланды. Камбар-Ата-1 ГЭСинин кубаттуулугу 1860 мегаватты түзөт. Плотинанын бийиктиги 256 метр, ал эми суу сактагычтын көлөмү 5,4 млрд куб метрден ашык болору айтылган. ** Тоолуу Алтайда Евразиянын 15 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан "Манжерок" эл аралык жаштар фестивалы өтүүдө. "Манжерок" журналисттерди, блогерлерди, жазуучуларды жана коомдук пикир жараткан лидерлерди чогултту. Алар үчүн мастер-класстар, панелдик талкуулар жана тегерек столдор уюштурулган. Форумдун коноктору жаңы таанышуулар менен гана чектелбестен, журналистика, SMM жана саясат таануу жаатындагы эксперттерден билим алышты. Маселен, катышуучуларга ЕАЭБдин артыкчылыктары, анын региондогу өлкөлөргө тийгизген экономикалык таасири жана Евразия өлкөлөрүнүн келечеги тууралуу маалымат берилген. Фестиваль КМШ өлкөлөрүнөн келген жаш муундардын башын бириктиргени бекеринен эмес. Уюштуруучулардын айтымында, эртең геосаясий жана экономикалык маселелерди жаштар чечет, андыктан алар билимди бүгүн алышы керек.
Евробиримдиктин өлкөлөрүндө быйыл, 2024-жылы, банкрот болгон компаниялардын саны улам көбөйүүдө. Бул туурасында Eurostat жазды. Анда кайсы тармактардагы ишканалар аксагандыгы баяндалган. 2024-жылдын экинчи кварталында банкротко кабылганын жарыялаган компаниялар алгачкы үч айга салышырмалуу 3,1 пайызга арбын болгон. Европа экономикасынын курулуш, финансы, соода, өнөр жай тармагында иш жүргүзгөн мекемелер көбүрөөк жоготууга учураган. Муну менен катар эле жаңыдан ишин баштап, катталган компаниялар биринчи кварталга салыштыра келгенде 2,1 пайызга азайган. ///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 67 тыйынга 1 евро 94 сом 92 тыйынга 1 рубль 95 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 22-августка караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. бейшембиде тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +23…+28,, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +33...+35 градус болсо, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0