00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ачык кеп
VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунан репортаж
23:05
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын талаша турган спортчулар менен жолугуп, туу тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Өкмөт башчынын орун басары спортчулардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди. "Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат", — деди ал. Байсалов мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.
Чүйдүн Кемин районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, баасы 4 миллиард 7 миллион 77 миң сомдук жер мамлекетке кайтарылды. УКМКдан жалпы аянты 353 гектар бул жер өнөр жай багытында болгонун айтышты. "Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутатына аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен", — деп айтылган маалыматта. Видеодон карай келгенде бул Кемин районуна кирип бара жаткан жолдун сол тарабындагы контейнерлер менен тосулган жер экенин көрүүгө болот. Учурда мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштери уланып жатканын айтышты.
Чүй облустук ооруканасына ичкиликке ууланып түшкөн кыз сабалгандан кийин реаниматолог Айгүл Зибированын мээси чайкалып, муунтканда мойну, желкеси көгөргөн. Бул туурасында Токмок шаардык ооруканасынан билдиришти. Эске салсак, 19-августта саат 01:00дөр чамасында Чүй облустук ооруканасына 21 жаштагы кыз ичимдикке ууланып түшкөн. Ал үч сааттан кийин эсине келип, кетүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер аны туугандары келмейинче чыгара албастыгын айткан. Кыз буга ачууланып, дарыгерге кол көтөрүп, андан соң ооруканадан чыгып кеткен. Милиция шектүүнү таап, бөлүмгө алып келген. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, бул кыздын кылыктарына тиешелүү чара көрүлөрүн айтышты. Иликтөө жүрүп жатат.
Батыш өлкөлөрү Владимир Зеленскийдин ордун баса турган, кепке келчү жана оңой башкарыла турган киши издеп жатканын РИА Новости Сербиянын "Политика" басылмасына таянып жазды. "Биринчи украиналык" мураскердин болушу туурасында кептер дүйнөлүк ЖМКларда жана саясий айдыңда мурдатан эле айтылып келет. Конкреттүү ысымдар да аталууда", — деп жазылган макалада. Мындан тышкары, Киев режиминин жетекчиси амалы түгөнгөн элге оптимизм тартуулаган ылайыктуу талапкерге орун бошотуп бериши керектигин түшүнүп турганы айтылды. "Мандатынын мөөнөтү аяктаган бул президентке калктын жана чет элдик союздаштардын ишеними калган жок", — деп айтылат анда. Өткөн аптада Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШда Зеленскийди сөз уга турган жана коррупцияга аз малынган адамга алмаштырууну карап жатышканын билдирген. Ведомство америкалык элитага анын Украинанын чегинен тышкары кырчылдашуу кооптуулугун жарата турган, ойлонулбай жасаган кадамдары жакпай жатканын билдирген. Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 20-майда бүткөн. Шайлоону учурдагы согуштук абал жана жалпы мобилизация шылтоосу менен токтотуп коюшкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0