00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Зачем надо страховать сотрудников — беседа с юристом
14:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Ошто “Сахарово” миграциялык борбору курулат — эмгек мигранттары үчүн шарттар катаалдаштыбы?
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Асилбеков: өнүгүү илим-билим аркылуу гана ишке ашат
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Чем занимается и как модернизируется служба охраны и конвоирования в Кыргызстане
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ошто “Сахарово” миграциялык борбору курулат — эмгек мигранттары үчүн шарттар катаалдаштыбы?
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Ата мекендик автоунааларга 3 жыл кепилдик берилет. Бул тууралуу Кыргыз-өзбек автозаводунун директору Мирбек Дубанаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргыз-өзбек автозаводунда жалпы 1000ден ашуун жумуш орду түзүлгөн, учурда 45 киши иштеп жатат. Муну менен катар эле завод жетекчиси бир унааны чогултууга орточо 20-25 мүнөт убакыт кетерин белгиледи. "Үч жыл же 100 миң чакырым кепилдик берилет. Баасы комплектациясы менен моделине жараша, бирок кыргызстандыктардын чөктөгүнө ылайыктуу", — деди Дубанаев. Ал ошондой эле ата мекендик унааларга кызыккандар көптүгүн, келечекте жылына 30 миң автоунаа чыгаруу пландалып жатканын кошумчалады.
Кыргызстандагы ЖМКлардын бири булактарына таянуу менен Улуттук банк коммерциялык банктарды санкцияга кабылган Россиянын каржы мекемелери менен иштешүүнү токтотууну талап кылып жатканын жазган. Буга байланыштуу Улуттук банк комментарий берди. Анда бул кайталап салынган санкцияларды алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чара экени айтылат. “Коммерциялык банктар өлкөнүн банк системасына эл аралык санкциялардын терс таасирин тийгизбөө үчүн иштеп жатышат. Кайталап киргизилген санкциялардын тобокелдигин азайтуу максатында кардарларга жана контрагенттерге көзөмөлдү күчөтүү, кардарлардын санкциялык тизмелерде жоктугун кылдат кароо боюнча чаралар көрүлүүдө", — деп айтылат Улуттук банктын билдируусундо. Көп узабай Кыргызстандын эки банкы расмий түрдө Россиядан акча которууга жарым-жартылай чектөө киргизгенин билдирди. Тийиштүү маалымат мекемелердин сайтында жарыяланган.
28-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Ага ылайык, мелдештин алкагында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат оюндары, ат чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш боюнча оюндар болот. Ага өлкөнүн бардык аймагынан спортчулар катышат.Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулуп жатканы кошумчаланды.
Азербайжан БРИКСке кошулууга расмий арыз берди. Маалыматты Sputnik Азербайжан агенттигине Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айхан Гаджизаде тастыктаган. Билдирме качан жөнөтүлгөнүн ал тактаган эмес. Июлдун башында Шанхай кызматташтык уюмунун Астанадагы саммитинин алкагында Азербайжан менен Кытайдын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча декларация кабыл алынган. Анда Азербайжан БРИКСке кошулуу ниетин билдирген, ал эми Кытай Бакунун бирикме менен кызматташуусун кубаттаган. Президенттер Владимир Путин менен Илхам Алиевдин кечээки биргелешкен билдирүүсүндө Азербайжандын БРИКС менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкчылыгы бар экендиги айтылган. Документте Москва Бакунун бул аракетин колдой турганы белгиленген. БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм. Ага Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтери кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0