00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
6 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:07
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
ЕАЭБде төлөмдөрдүн 90%ы улуттук валютада жүргүзүлөрүн РФ ТИМи билдирдиЕгипет, БАЭ, Индонезия ЕАЭБ менен эркин соода аймагын түзүү ниетиндеМэрия Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркын ижарага берүүгө ниеттенүүдөалдыда кененирээкСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдө автоунаа сүзүп кеткен кайгуул инспекторун дарылоо боюнча кеңешмеге катышты. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады. Эске салсак, 15-августта трассанын Чолпон-Атага чукул жеринде жол кыймылын жөнгө салып жаткан автоинспектор Элистан Арзыбековду катуу келе жаткан жеңил машина сүзүп кеткен. 30 жаштагы инспектор 17-августта Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн. Министрлик бейтаптын мээси катуу чайкалып, жоон санынын сөөгү майдаланып сынып кеткенин, башка да жаракаттарды алганын айтты. "Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө комада жатат, абалы оор деп бааланууда. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган", — деди министрликтен. Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолуккан. Инспектордун абалы жакшырса мээсине MРТ диагностикасы жасалат.
Мэрия Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркын ижарага берүүгө ниеттенүүдө. Аукциондо ижара акынын баштапкы баасы айына 600 миң сом деп белгиленген. Парктын жалпы аянты 5,5 гектарды түзөт. Анын аймагында 577,9 чарчы метрлик имараттар бар. Ижарага ала турган тараптарга коюлган шарттар: бак-дарак отургузуу; паркты жашылдандырып, тазалыгын сактоо; камераларды орнотуп, аттракцион койдурууга документтерди алуу; коммуналдык кызматтарды төлөп, чар-жайыт соода-сатыкка жол бербөө; жылына кеминде беш ирет жетим жана майыптыгы бар балдарга көңүл ачуучу оюндарды өз эсебинен уюштуруу. Аукцион 20-сентябрда өтөт.
Бишкектин муниципалдык инспекциясы түркүктөргө, бактарга, дарбаза, имараттарга жарнама баракчаларын чаптоого тыюу салынганын эске салды. Мындай жосун үчүн жеке жактарга 1000, юридикалык тараптарга 5000 сом өлчөмүндө айып салынат. Ушу тапта муниципалитет рейддерди өткөрүп жатканын белгиледи.
Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык биримдигинде төлөмдөрдүн 90 пайызга жакыны улуттук валютада жүргүзүлөт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэль Агасандян РИА Новостидеги маегинде билдирди. "Эгерде улуттук валюталарды өз ара эсептешүүлөрдө колдонуу боюнча статистика жөнүндө айта турган болсок, бул көрсөткүч болжол менен 90 пайызга жетет", — деди Агасандян. Ал кошумчалагандай, ЕАЭБ мүчөлөрү саясий басымдын ыкмасына айланган Батыштын каржы куралдарын колдонуу тобокелдиктерин азайтуу зарылдыгын түшүнүшөт.
Бириккен Араб Эмираттары, Египет жана Индонезия өлкөлөрү да ЕАЭБ менен эркин соода аймактарын түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Россиянын өнөр жай жана соода министри Антон Алиханов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды. "Азыр келишимдер даяр турат, мындай аймактар алар менен соода жүгүртүүнү кыйла көбөйтүүгө жардам берет", — деген Алиханов. Учурда ЕАЭБдин эркин соода аймагына Иран, Вьетнам, Сербия жана Сингапур кирет. Ал эми Индия жана Монголия менен сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0