00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Расмий документтерди алуу жөнөкөйлөштүрүлдүбү ? Санарип аттестаттарды колдонуу жолдору
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Табият кырсыктарын алдын алуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө? – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары менен маек
11:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эл аралык Ысык-Көл электоралдык форуму — шайлоо системасында кандай өзгөрүүлөр болот?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Мигрень, сердце и стресс: почему болит голова и когда стоит волноваться - советы невролога
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө гепатитке каршы эмдөө иштери жүрүүдө —кимдерге жана эмне үчүн маанилүү?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Колледж КРСУ — место, где идеи становятся профессией
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Эне менен баланын коопсуздугу — төрөткө кантип даярдануу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Таланты бааланбай, унутта калып бараткан таланттуу актёр Бекин Сейдакматов
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ОСАГО — обязательное, но игнорируемое. Почему кыргызстанцы не спешат оформлять автостраховку
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө гепатитке каршы эмдөө иштери жүрүүдө —кимдерге жана эмне үчүн маанилүү?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Түзүмдүн кабарлашынча жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгиледи . Ошондой эле бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбоорун талкуулоо жана Кыргызстандын бажы аймагына товарларды импорттоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү иштерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколдорго кол коюлду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 350 млн сомго жаңы техникаларды сатып алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алынган техникалар, 31-августта, Кыргызстандын эгемендигинин 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100-жылдыгына арналган чоң салтанатта алгачкы ирет колдонулат. Министрлик сатып алган жабдуулар жана техникалар: 786 чарчы метрди түзгөн сахна; 428 даана жарык берүүчү жабдуулар; 700 чарчы метрди түзгөн LED-экрандар; сахнанын темир жабдыктары; 16 даана атайын эффект берүүчү жабдыктар; үн күчөткүчтөр жана башка бир нече жабдыктар сатылып алынган.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусу катталбаган жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу, алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Эскерте кетсек, 15-августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аталган илдеттин көбөйүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Африканын айрым аймактарында адамдан жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери Конгодо ооругандардын саны өткөн жылдагыдан ашып 15 600 адамды түзгөндүгү айтылды. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болгон. Эскерте кетсек, Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү жугуштуу вирустук инфекция. Ал бир адамдан экинчи адамга жугат. Бул илдет илешкенде баш, бел ооруп, адам чыйрыгып, шалдырайт. Көбүнчө бетке кызыл бүдүрлөр чыгып кетет.
Дүйнөдөгү легендарлуу актер Ален Делондун сөөгү ушул аптада өзү жашаган Франциянын түндүгүндөгү Души коммунасында жерге берилет. Өзүнүн каалоосуна ылайык, анын 35 ити коюлган жердин жанындагы имаратта өтөт. 88 жашында каза болгон Делон жаныбарлардын укугун коргоочу активист катары белгилүү болгон жана анын сөөгүн сүйүктүү үй жаныбарларынын жанына коюлуусун каалаган. Актёр аны жөнөкөй жана купуя эле жерге берүүнү өтүнгөнүно карабай, ири иш-чара менен акыркы сапарга узатуу каралууда. Актёрдун өлүмүнүн чоо-жайы азырынча айтыла элек. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 70 тыйынга 1 евро 94 сом 11 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 20-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 20-август, шейшембиде тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26,, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +31...+33 градус болсо, Чолпон-Атада +23...+25 градус жылуу болот
Жаңылыктар түрмөгү
0