00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?
19:11
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:11
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Аймактарда кайрадан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүү 17-ноябрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жайгашкан маалыматта айтылат. “Өлкө боюнча мыйзамда шаарларды ирилештирүү жана айыл аймактарын бириктирүү каралган. Каралып жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик-аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү. Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүштү жалпы өзгөртүү кеңештерди таратууга жана жаңы жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоого негиз болуп саналат”-деп айтылат маалыматта. Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештери — 45 депутатка мандат берилсе, калган аймактарда калктын санына жараша каралат. Эгерде 6 миңге чейин калкы бар аймакка 11 депутат, 6 миңден жогору 20 миңге жейин болсо, 21 мандат берилет. Ал эми 20 миңден жогору болсо 31 депутатка мандат берилет.
Окуу жылынын башталышы менен Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында жаңы мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Аны салууга мамлекет 136 млн сом бөлгөн. 620 орундуу мектеп окуу жылынын башында пайдаланууга берилет Билим берүү мекемеси үч кабаттуу, окуу корпусу жер төлөсү менен, спорт зал, жыйындар залы, ашканасы бар. Жалпы аянты 4 160 чарчы метрди түзөт.
24-августта, Россия киносунун күнүнүн урматына 9- "Кино түнү" акциясы өтөт. Бул тууралуу Россиянын Маданият министрлиги маалымдады. Акциянын алкагында аталган өлкөдөгү жана чет мамлекеттердеги жалпы 5000 аянтчада кинотасмаларды көрсөтүү пландалган. Фильмдер Россиянын Кытай, Кыргызстан, Индия, Бразилия, Эфиопия, Египет, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Армения, Молдова жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде, маданий борборлорунда жана башка жайларда тартууланат. Жыл сайын "Кино түнү" акциясы үчүн Россия кинематографиясындагы мыкты делген үч фильм тандалып алынат.
Камчаткада магнитудасы 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Илимдер академиясынын геофизикалык кызматынын аймактык бөлүмүнө таянуу менен билдирди. Жер титирөө 6 чакырым тереңдикте катталып, очогу Петропавловск-Камчатскиден 108 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Шивелуч жанар тоосун "ойготуп", ал атылгандан кийин Усть-Камчатск айылын күл басып калган. "Күл айылдагы калктын жашоо-турмушуна тоскоолдук жараткан жок. Вулкан деңиз деңгээлинен 8 километрге чейин көтөрүлүп, жанар тоонун үстүндө чагылган да болду", — деп айтылат маалыматта. Окумуштуулардын айтымында, жанар тоо жергиликтүү жана эл аралык аба каттамдарына коркунуч жаратат. Геофизикалык изилдөө 6, 12 жана 48 чакырым тереңдиктерде магнитудасы 5,6 баллга жеткен 15 жер титирөө болгонун билдирди. Сейсмологдор жер титирөөдөн кийинки афтершок бир топко чейин созуларын, Петропавловск-Камчатскиде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө күтүлөрүн божомолдошкон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, цунами коркунучу жок, эч нерсе кыйраган эмес, жабыркагандар да жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0