00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Ностальгия по детству в повести Гафура Гуляма "Озорник"
18:06
45 мин
On air
18:51
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:05
47 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Таберик
Болот Миңжилкиевдин отуз жылдык чыгармачылык өмүрү
17:07
27 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-мекендик тамак-аш азыктарынын сапаты жакшырды — Бишкекте уюштурулган жарманкелердин максаты аларды колдообу?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:13
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадырова: Үй-бүлө кодексинде Балдар кодекси да камтылышы керек

© SputnikБалдар үчүн юстиция коллегиясынын өнөктөшү, юрист, жактоочу Айжан Кадырова
Балдар үчүн юстиция коллегиясынын өнөктөшү, юрист, жактоочу Айжан Кадырова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2024
Жазылуу
Балдар үчүн юстиция коллегиясынын өнөктөшү, юрист, жактоочу Айжан Кадырова Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясында Балдар кодексинин алынып калганына каршы экенин айтты.
Балдар кодексинде тийиштүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, жоопкерчилиги 27 функция менен бекитилген. Ал эми жаңы Үй-бүлө кодексинде мындай жок. Бул тууралуу Айжан Кадырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кадырова: Үй-бүлө кодексинде Балдар кодекси да камтылышы керек
Анын айтымында, бул мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдө мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги бир аз азайып калган.
"Балдар жөнүндө юстиция маселелерине тиешелүү суроо-талаптардын баары балдар юстициясы термининин ичине камтылат. Балдар жөнүндө кодекс азыр күчүндө турат. Бирок Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенден кийин ал жокко чыгарылат. Балдар кодексинин ичинде "балдар үчүн юстиция" деген чоң бөлүм бар. Ал ювеналдык юстиция (кылмыш кылган балдарга чара көрүү маселелери) жана жарандык иштер (алимент өндүрүү, кайсы бир ата-энеси менен жашоо мүмкүнчүлүгү, асырап алуу, ата-энелик укук-милдеттен ажыратуу) болуп бөлүнөт. Жаңы редакцияда ушул кодекстин жокко чыгарылганы жеке мен үчүн өкүнүчтүү маселе. Бул демилге көтөрүлгөндө эле каршы чыкканбыз. Биздин коллегиянын атынан да сунуштар кеткен. Кодекс нормативдик-укуктук актылар системасында жогорку орунда турат. Балдар кодекси бардык мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин да карачу. Анткени ар бир райондогу балдар менен иштөө бөлүмдөрүнүн милдеттери так чагылдырылган. Ал эми Үй-бүлө кодексинде бул жок. Социалдык көйгөй жаралып калган учурда анын юридикалык жол-жобосу кенен көрсөтүлгөн эмес. Балдар менен иштеген кызматкерлердин жоопкерчилиги так жазылбай калган. Кызматкер мыйзамдуу түрдө милдет алгандан кийин анын аткарылышын прокуратура текшерет да. Мисалы, балдарды асырап алууда райондук балдар менен иштөө бөлүмү асыроочу үй-бүлөнүн социалдык абалын анализдеп, бала багууга кооптуу эместигин текшерип, берген чечимине жоопкерчилик алчу. Азыр ал жок. Албетте, Бузуулар тууралуу кодексте мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги көрсөтүлгөн, бирок бул да жалпы норма", — деди Кадырова.
Ал тентек кылган балдардын ишин карап жатканда Жазык-процессуалдык кодексте балдарды коргоо бөлүмүнүн адисинин ишинин жол-жобосу так жазылбаганын да кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0