00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Фермерлер эт өндүрүүнү кантип көбөйтүү керек — эксперттер менен маек
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Тема дня
В Кыргызстане вступил в силу закон об утильсборе: что это такое и как он будет работать
16:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Экономиканын теориясы. Эмнеси менен маанилүү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что объединяет системы образования России и Кыргызстана, рассказала депутат Государственной думы РФ
18:07
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Балдар музыкасы мамлекеттик колоого муктаж. Композитор менен маек
19:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
20:06
47 мин
Ачык кеп
Фермерлер эт өндүрүүнү кантип көбөйтүү керек — эксперттер менен маек
23:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Чолпон-Атада Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун форуму өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Маалыматка ылайык, ага Казакстандын, Өзбекстандын ӨКМ башчылары, Тажикстандан министрдин орун басары жана БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координаторунун жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада климаттын өзгөрүшү, өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүү жана алдын алуу, табигый кубулуштарга мониторинг, божомолдоо жүргүзүү, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана гуманитардык жардамдар тууралуу талкууланды.Жыйынга төрагалык кылган Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев табигый кырсыктарды алдын алууга багытталган кадамдарды жасоого убакыт жеткенин белгиледи. Ал аталган форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык кадамдарын аныктаган аянтча болуп саналарын билдирди.
АКШда сабалды делген адам Кыргызстандын жараны эмес болуп чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Буга чейин Лос-Анжелесте өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп, машинасын талкалап кетишкени айтылган. Жабыркаган Шайлообек Базарбай уулун окуянын күбөсү сактап калган. Видео бар экенине карабай Лос-Анжелестин полициясы эч кимди жазалабаганы айтылган. "Министрлик Чикагодогу Кыргызстандын Башкы консулдугу Лос-Анджелестеги Кыргызстанда туулган Б.Ш. менен болгон окуяга ыкчам тартипте жооп кайтаргандыгын жана жабырлануучу менен байланышта болуп тургандыгын маалымдайт. Жабырлануучу Россиянын жараны экенин, кол салуудан паспортун жана аскердик билетин, ошондой эле АКШга тиешелүү башка ички документтерин жоготуп алганын билдирген. Андан сырткары, жергиликтүү полиция менен күн сайын кызматташып, тергөө штаттык режимде уланып жатканын жана тергөөнүн жүрүшүнө ыраазы экенин белгилеген", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле жабырлануучу эч кандай каржылык жана башка жардамга муктаж эмес экени кошумчаланды.
Талас шаарынын 14 жаштагы тургуну Акылай Болотбекова изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 5-август саат 18:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бою 150-155 сантиметр, өңү сары, кой көз, чачы кара, арыкчырай. Кийген кийимдери: үстүндө ак жана кара түстөгү сызыктуу футболка, астында көк түстүү жынсы шым. Милиция кызды көргөн-билгендер болсо кабарлап коюну өтүндү.
Американын Wall Street Journal басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен АКШнын Борбордук чалгын кызматы Владимир Зеленскийден "Түндүк агымда" диверсия жасоо буйругун жокко чыгарууну талап кылып, ал макул болгонун, бирок генерал Валерий Залужный буйрукту аткарбай койгонун жазды. Маалыматка караганда, ЦРУ Зеленскийден операцияны токтотууну талап кылган. Макалада Вашингтондон көрсөтмө алган Зеленский генерал Залужныйга тиешелүү буйрук бергени, бирок ал баш ийбей "баштапкы планды өзгөртүп жибергени" айтылат. Гезит "Түндүк агым" түтүктөрүн жардыруу планын алгач Зеленский жактырганын, операцияга байланышкан бардык буйруктар из жашыруу үчүн оозеки берилип келгенин жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0