00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү. Өкмөттүн токтомунда мындай чечим жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес, маалыматтан коргоо максатында кабыл алынганы айтылган. Ошондой эле Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аталган борбор ЖМК жана интернетти мониторингдейт. Маданият министрлиги Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун жайгашуусу үчүн кеңсе бөлүп берип, техникалык жана коммуникациялык тейлөөсүн камсыздашы керек. Буга чейин бийлик социалдык тармактарды көзөмөлдөө борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.
Орто-Сай базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, соодагерлердин кассалык чектердин берилишин көзөмөлдөө максатында Октябрь администрациясы райондук салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте базарды текшерди. Анын жүрүшүндө ишкерлерге товарды сатууда сатып алуучунун талабына карабастан кассалык квитанция милдеттүү түрдө бериле тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ККМ аппаратары бекер берилген.
Мыйзам бузган микрокредиттик компания жана акча алмаштыруу жайга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Чүй областында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле, мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир акча алмаштыруу жайына 55 000 сом өлчөмүндө айып салынган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курскидеги аракети Киев бийлигинин алдын көрө билбегенинен кабар берип турат. Бул тууралуу АКШнын отставкадагы офицери Дэниел Дэвис билдирди. Ал “Дип дайв” YouTube каналына маек куруп жатып Киевдин аракеттери өлкө башында тургандардын иш билбестигинин натыйжасы экенин белгилеген. "Жеңишке жетем деген тарап пайдасы азыраак нерсеге күч коротпошу керек. Бул тактикалык жактан да, стратегиялык жактан таптакыр туура эмес", — деди Дэвис. Офицердин айтымында, Украина Курск облусундагы операцияны колдоо үчүн эле фронттун башка жактарындагы аскерлерди алып келүүгө мажбур болууда. Дэвис мындай жагдай Украина Куралдуу күчтөрүнүн ушуга окшогон операцияларды өткөрүүгө чамасы чактыгын көрсөтүп турарын айтты. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 40 тыйынга 1 евро 93 сом 24 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ Подводка: 13-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 13-август, шейшембиде тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл жергесинде +24…+29,, Нарын өрөөнүндө +25...+30 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36...+38 градус болсо, Ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градус жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0