00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:03
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте саат 15-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы! Бул чыгарылышта:
Бишкекте Чүй көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды Иран Израилге катуу сокку урууга убада кылганы кабарланды Садыр Жапаров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Боррелди кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррелди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Алар соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги, энергетика, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты. Президент европалык инвесторлорго Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады. Боррель ЕБдин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө берилгендигин жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ырастады.
Бишкек шаарында бүгүн капиталдык оңдоо жумуштары үчүн Чүй көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Мына ушул жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында бүгүн, 3-августта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылды. Буга байланыштуу №34, 38, 104, 222 жана 227 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөргөн.
Борбор калаада жолдо мушташкан айдоочуну милиция кармады. Буга чейин Сүйөркулов көчөсүндө болгон окуянын видеосу интернетке тараган. Анда жеңил машина жана мопеддин айдоочулары уруша кеткенин көрүнөт. Видеодон Mazda автоунаасынын айдоочусу машинадан чыгып, бир нече ирмемдерден кийин кара футболкачан жигит менен мушташып кеткенин көрүүгө болот. Милиция жеңил машинанын 24 жаштагы айдоочусу бейбаштык кылган берене менен кармалганын кабарлады.
ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүргөндөн кийин Тегеранды Израилге каршы сокку урууну токтотууга үндөө аракетинен майнап чыкпайт, ал эми чабуулдун өзү чагылгандай тез жана катуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Уол стрит журнал” басылмасы аты аталбаган дипломатка шилтеме берип жазганын РИА Новости билдирди. Ички маселелер менен тааныш болгон басылманын маектеши Израилдин соңку чабуулдарын эске алганда, мамлекеттердин Тегеранды кырдаалды курчутпоого көндүрүү аракеттеринен оң натыйжа чыкпайт. "Көндүрүүнүн мааниси жок. Израиль бардык чектен чыгып кетти... Биздин жооп ыкчам жана катуу болот", — деген дипломат. Ирандын аткаминерлери эскалациянын тобокелдигин түшүнүп турушканын, бирок өлкө бийлиги кол салууга карата катуу жоопту талап кылгандарды ички кысымга кабылганын белгилеген. Иран менен "Хезболла" Израилдин акыркы соккуларына кандай гана жооп болбосун "апрелдеги атышуудан күчтүү болушу керек" деп эсептеп жатышканы айтылат. Ошондой эле "Хезболла" алардын жообу бир жолку чабуул эмес, бир катар аракеттер менен коштолорун билдирген. Эске салсак, 2024-жылдын 31-июлуна караган түнү Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарында ракета менен атып, жок кылышкан. Бул мамлекетке ал Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн келген эле. Тегеран бийлиги чабуул Ханиянын Ирандагы резиденциясына жасалгандыгын, аны менен кошо бир жан сакчысы каза тапканын билдирген. ХАМАС анын өлүмүнө Израиль менен АКШ жоопкер экенин айтып, бул кадам жоопсуз калбай тургандыгын эскертишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0