Бир кылым мурдагы советтик кыргызстандыктар. Сейрек сүрөттөр
Бир кылым мурдагы советтик кыргызстандыктар. Сейрек сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик борбордук архивде уникалдуу сүрөттөр бар. Алардан жүз жыл мурда ата-бабаларыбыз кандай жашаганын көрсөк болот. Тилекке каршы, бул ирмемдерди ошол... 30.07.2024, Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик борбордук архивде уникалдуу сүрөттөр бар. Алардан жүз жыл мурда ата-бабаларыбыз кандай жашаганын көрсөк болот. Тилекке каршы, бул ирмемдерди ошол кезде кимдер тартып алганы белгисиз.
Sputnik 1920–1930-жылдарда тартылып калган тарыхый, сейрек сүрөттөрдү жарыялоону улантат.
Абдылда Исабаев 1923-жылы комсомолгө өткөн, жергиликтүү калктын арасында сабатсыздыкты жоюуга жан дили менен катышкан. Барскоон волостунун (болуштугунун) аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары 1930-жылы Башкы саясий башкармалыктын (ГПУ) катарына өткөн. Кыргызстандын түштүк аймактарында басмачыларга каршы күрөшкөн. 1920-жылдар
Эмгек жана жаз майрамына карата уюштурулган иш-чара. Айылдагы клубдун ачылышында туу тапшырылган. Каракол округунун Күрмөнтү волостунун Талды-Суу кыштагы. 1925-жыл, 1-май.
Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин III сессиясынын XII чакырылышынын Кыргыз Автоном облусунун (КАО) ордуна Кыргыз Автономиялык Республикасын (КАССР) түзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү. Алар: Кыргыз Автоном облусундагы Коммунисттер партиясынын комитетинин жооптуу катчысы (1-катарда сол жактан экинчи) Жайнак Саадаев, КАО аткаруу комитетинин төрагасы (1-катарда сол жактан үчүнчү) Абдыкадыр Орозбеков, КАО аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары ( 2-катарда оң жактан төртүнчү) Жусуп Абдрахманов, Москвада Кыргызстандын өкүлү ( 2-катарда оң жактан үчүнчү) Турдалы Токбаев. Москва, 1926-жыл.
Кызыл армиянын саясий жетекчилеринин кайра даярдоо курсунун угуучусу, кыргызстандык командир (3-катарда сол жактан биринчи) Орозалы Саралинов. Беларусь аскер округу, 1928-жыл.