https://sputnik.kg/20240730/1087468112.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте саат 17:00!Эфирде жаңылыктар! Микрофондо Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы. Алгач чыгарылыштан анонс: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы карызы канчаБайдендин... 30.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-30T17:00+0600
2024-07-30T17:00+0600
2024-07-30T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1e/1087467980_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9177c671bd9d1fc5391f003b9213e4d0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте саат 17:00!Эфирде жаңылыктар! Микрофондо Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы. Алгач чыгарылыштан анонс: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы карызы канчаБайдендин Украинаны колдоого берген акчасы 56 млрд. доллардан аштыКыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырды алдыда кененирээк
Улуттук банктын башкаруучулугу эсептик ченди тогуз пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Бул туурулуу Башкы банктан билдиришти. Кечээ кабыл алынган чечим бүгүн, 30-июлда, күчүнө кирет. "Азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүнүн басаңдашы жана баа динамикасынын сезондук факторунун таасири астында Кыргызстанда инфляция орточо деңгээлде сакталып турат", — деп айтылат маалыматта. Улуттук банк өлкөдө банк секторунун абалы туруктуу жана жогору ликвиддүү бойдон калганын белгиледи. " Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат. Ал эми апрель айынан тарта чет өлкө валютасынын суроо-талапка караганда сунуштоо көлөмү жогору болгондуктан сом бекемделди", — деди башкы банк. Улуттук банк башкаруучулугунун эсептик чен-өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2024-жылдын 26-августунда өтөт.
Евразиялык экономикалык биримдиктин 2024-жылдын биринчи кварталына карата тышкы карызы 55 миллиард долларга кыскарды. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.Пайыздык көрсөткүч менен алганда өткөн жылга салыштырмалуу быйыл көлөмү 9,4 пайызга аз чыкты. Эгерде былтыр 1-апрелге карата сырткы бересе 583 миллиард доллар болсо, быйылкы жылдын ошол мезгили менен алганда 528 миллиардга түшкөн. Эске салсак, Кыргызстандын тышкы карызы 2024-жылдын май айынын соңуна карата алынган маалыматтарга таянсак, 4 миллиард 540,84 миллион долларды түзөт. Ал эми ЕАЭБ алкагында сандарга үңүлүп карай келгенде, бересе Беларусь менен Россияда азайган. Ал эми калган үч мамлекетте — Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда өскөн.
Бишкекте 24-октябрда “Орто азиялык романсиада” орус романсын аткаруучуларынын VIII эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Русский дом борборунан билдиришти.Иш-чара XXVIII эл аралык "Романсиада-2024" конкурсунун программасына киргизилген. “Орто азия романсиадасынын” жеңүүчүлөрү декабрда Москвада өтө турган “Романсиаданын” финалына катышат. Сынакка көркөм өнөр окуу жайларынын, музыкалык мектептердин окуучулары жана Борбор Азиядагы орус романстарынын 6 жаштан 35 жашка чейинки сүйүүчүлөрү катыша алат. Арыздарды maestro romans@mail.ru электрондук почтасына “Орто азиялык романсиада” жазуусу менен 17-октябрга чейин жөнөтүү зарыл.
Жозеф Байдендин президенттиги учурунда АКШ Украинага берген аскердик жардамдын суммасы 56,1 миллиард доллардан ашты. Бул туурасында Пентагон билдиргенин РИА Новости жазды. "Америка Кошмо Штаттары Байдендин администрациясы иштей баштагандан тарта Украинанын коопсуздугу үчүн жардам катарында 56,1 миллиард доллар бөлгөн", — деп аталат билдирүүдө. 2022-жылдын 24-февралынан, Россиянын атайын операциясы башталгандан тарта, көрсөтүлгөн көмөк 55,4 миллиард доллар болгону айтылды. Дүйшөмбүдө Пентагондон Киевге Украинанын колдоо фондусунан 1,5 миллиард доллар карай турганын билдиришкен. Мындан сырткары, президенттик ыйгарым укуктардын алкагында дагы 200 миллион доллар берилери айтылды.
Бишкекте саат 17:00!Эфирде жаңылыктар! Микрофондо Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы. Алгач чыгарылыштан анонс: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы карызы канчаБайдендин Украинаны колдоого берген акчасы 56 млрд. доллардан аштыКыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырды алдыда кененирээкУлуттук банктын башкаруучулугу эсептик ченди тогуз пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Бул туурулуу Башкы банктан билдиришти. Кечээ кабыл алынган чечим бүгүн, 30-июлда, күчүнө кирет. "Азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүнүн басаңдашы жана баа динамикасынын сезондук факторунун таасири астында Кыргызстанда инфляция орточо деңгээлде сакталып турат", — деп айтылат маалыматта. Улуттук банк өлкөдө банк секторунун абалы туруктуу жана жогору ликвиддүү бойдон калганын белгиледи. " Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат. Ал эми апрель айынан тарта чет өлкө валютасынын суроо-талапка караганда сунуштоо көлөмү жогору болгондуктан сом бекемделди", — деди башкы банк. Улуттук банк башкаруучулугунун эсептик чен-өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2024-жылдын 26-августунда өтөт.Евразиялык экономикалык биримдиктин 2024-жылдын биринчи кварталына карата тышкы карызы 55 миллиард долларга кыскарды. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.Пайыздык көрсөткүч менен алганда өткөн жылга салыштырмалуу быйыл көлөмү 9,4 пайызга аз чыкты. Эгерде былтыр 1-апрелге карата сырткы бересе 583 миллиард доллар болсо, быйылкы жылдын ошол мезгили менен алганда 528 миллиардга түшкөн. Эске салсак, Кыргызстандын тышкы карызы 2024-жылдын май айынын соңуна карата алынган маалыматтарга таянсак, 4 миллиард 540,84 миллион долларды түзөт. Ал эми ЕАЭБ алкагында сандарга үңүлүп карай келгенде, бересе Беларусь менен Россияда азайган. Ал эми калган үч мамлекетте — Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда өскөн. Бишкекте 24-октябрда “Орто азиялык романсиада” орус романсын аткаруучуларынын VIII эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Русский дом борборунан билдиришти.Иш-чара XXVIII эл аралык "Романсиада-2024" конкурсунун программасына киргизилген. “Орто азия романсиадасынын” жеңүүчүлөрү декабрда Москвада өтө турган “Романсиаданын” финалына катышат. Сынакка көркөм өнөр окуу жайларынын, музыкалык мектептердин окуучулары жана Борбор Азиядагы орус романстарынын 6 жаштан 35 жашка чейинки сүйүүчүлөрү катыша алат. Арыздарды maestro romans@mail.ru электрондук почтасына “Орто азиялык романсиада” жазуусу менен 17-октябрга чейин жөнөтүү зарыл.Жозеф Байдендин президенттиги учурунда АКШ Украинага берген аскердик жардамдын суммасы 56,1 миллиард доллардан ашты. Бул туурасында Пентагон билдиргенин РИА Новости жазды. "Америка Кошмо Штаттары Байдендин администрациясы иштей баштагандан тарта Украинанын коопсуздугу үчүн жардам катарында 56,1 миллиард доллар бөлгөн", — деп аталат билдирүүдө. 2022-жылдын 24-февралынан, Россиянын атайын операциясы башталгандан тарта, көрсөтүлгөн көмөк 55,4 миллиард доллар болгону айтылды. Дүйшөмбүдө Пентагондон Киевге Украинанын колдоо фондусунан 1,5 миллиард доллар карай турганын билдиришкен. Мындан сырткары, президенттик ыйгарым укуктардын алкагында дагы 200 миллион доллар берилери айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1e/1087467980_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_17365494cd2828aff2dd37d8da80a987.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио