https://sputnik.kg/20240729/uluttuk-bank-kumush-kollektsiya-tiyyn-1087423587.html
Улуттук банк "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын чыгарат. Сүрөт
Улуттук банк "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын чыгарат. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 29.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-29T10:22+0600
2024-07-29T10:22+0600
2024-07-29T10:22+0600
кыргызстан
улуттук банк
тыйын
монета
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1d/1087423144_0:63:800:513_1920x0_80_0_0_d2aa42bb797c777e54c27cd7cab327fa.jpg
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Улуттук банк 1-августтан тарта "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясындагы "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.Башкы банктын маалыматына караганда, тыйындар 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Анын баасы 5 580 сомду түзөт.Тыйындын алдыңкы бетинде така түрүндө салынган ат майданда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын "Ат чабыш / At Chabysh" деген аталышы, ошондой эле номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.Тыйындын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Ортосунда Кыргызстандын герби, жогору жана төмөн жагында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games" деген жазуу түшүрүлгөн. Тыйындын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген."Ат чабыш" коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
https://sputnik.kg/20240305/altyn-kumushton-tyyyndar-chygarylat-1083165842.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1d/1087423144_16:0:784:576_1920x0_80_0_0_ade9d60ab06dbc131ec646be8d461668.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, тыйын, монета, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, сүрөт
кыргызстан, улуттук банк, тыйын, монета, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, сүрөт
Улуттук банк "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын чыгарат. Сүрөт
Монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Улуттук банк 1-августтан тарта "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясындагы "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.
Башкы банктын маалыматына караганда, тыйындар 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Анын баасы 5 580 сомду түзөт.
Тыйындын алдыңкы бетинде така түрүндө салынган ат майданда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын "Ат чабыш / At Chabysh" деген аталышы, ошондой эле номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.
Тыйындын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Ортосунда Кыргызстандын герби, жогору жана төмөн жагында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games" деген жазуу түшүрүлгөн. Тыйындын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.
"Ат чабыш" коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.