00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
WorldSkills в КР: зачем стране чемпионат по рабочим профессиям — и кто в нём участвует
08:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
09:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жайкы аллергия же поллиноз: эмнеси менен кооптуу?
11:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы ачылды: анын мааниси эмнеде?
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Борбордо саат 15:00. Жанылыктар чыгарылышы. Микрафондо Арууке Амирдинова, Саламатсызбы! Бул чыгарылышта:Ысык-Көлгө жүргүнчү ташыган маршруттук унаалар текшерилүүдөИзраилдин авиациясы "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урдуБайсалов өкмөт басымды жумуш орундарын түзүүгө жасарын айтты. Эми кененирээк.Өкмөт тышкы миграцияны көбөйтүүгө эмес, өлкө ичинде жумуш орундарын түзүүгө көңүл бөлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.Ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясына катышкан. Жыйындын жүрүшүндө социалдык коргоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграциялык саясат жаатындагы иштердин жыйынтыгы каралды. "Өкмөт тышкы миграцияны көбөйтүүгө эмес, тескерисинче, өлкө ичинде жумуш орундарын түзүп, эмгекчил жаштардын потенциалын толук колдонууну көздөп жатат. Ушуга байланыштуу соңку 15-20 жылдагы тышкы миграцияга көңүл буруу саясатын кайра карап чыгууга жана инерцияны өзгөртүүгө мезгил келди", — деди Байсалов. Ошондой эле ал быйыл "Социалдык келишим" программасы аркылуу 20 миң үй-бүлөнү колдоо үчүн бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Жайкы туристик мезгилде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек шаарында жайгашкан автобекеттерде жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына кире беришинде жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды текшерип жатат. Анда айдоочулардын лицензиялык талаптарды сактоосу жана жалпы жол эрежелерин бузбоо боюнча профилактикалык текшерүү, көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары айдоочуларды өз убагында наркология бөлүмүнөн ден соолугу, кан басымы текшерилип, унааларын техникалык кароодон өткөрүп туруу зарыл экендигин эскертишүүдө.
Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелген кыргыз жараны, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди. Кармалган жарандын “Telegram” мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды.
"Израилдин авиациясы 27-июлдан 28-июлга караган түнү Ливан өлкөсүнүн түпкүрүндөгү жана түштүк аймагындагы "Хезболла" кыймылынын бир нече объектилерине сокку урду." Бул туурасында РИА Новости Израилдин коргонуу армиясына шилтеме кылып жазды. Сокку урулган объектилердин ичинде курал сакталган жайлар да бар экени айтылган. Буга чейин ЦАХАЛдын расмий өкүлү Маждаль-Шамс калаасын аткылагандан кийин көз жумгандардын саны 12ге жеткенин билдирген. Анын айтымында, чабуул ирандык өндүрүштөн чыккан "Фалак-1" ракетасы менен атышкан. Израилдин Тез жардам кызматынын маалыматында, 19 киши ооруканага жеткирилген, алардын алтоосунун абалы оор. Израиль премьер-министринин кеңешчиси Бейруттагы окуянын жоопкерчилигин биринчилерден болуп шииттердин "Хезболла" кыймылына жүктөгөн. Бул Ирандын ишараты менен жасалды деген. ЦАХАЛ ракета Ливандын түштүк тарабынан атылды деп жарыя кылган. Ошол эле учурда "Хезболланын" башында тургандардын бири РИА Новостиге аталган калктуу жайды алардын кыймылы аткылады деген маалымат төгүн экенин, буга катыштыгы жоктугун билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0