00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шаардык сот "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчилеринин жазасын жеңилдетти

Соттун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2024
Жазылуу
Жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөшөт.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын (Биринчи май райондук соту) 2024-жылдын 16-февралындагы "Ихсан" турак жай-курулуш кооперативинин жетекчилигине карата өкүмүн өзгөрттү.
Шаардык соттун маалымат кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу менен "Ихсан" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын мүлкү конфискацияланып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, кызматта иштөөгө үч жылга тыюу салынды. Жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында (соттолгон аялдар үчүн колонияда) өтөйт.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ихсан" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева
Глава совета директоров кооператива Ихсан Групп ЛТД Акинай Бекмурзаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2024
"Ихсан" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева
Белгилей кетсек, 2024-жылдын февраль айында Биринчи май райондук соту Бекмурзаеваны үч жылга белгилүү кызматтарды ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 12 жылга эркинен ажыраткан. Үй мүлкүн конфискациялоо дагы каралган.
Дагы бир соттолуучу, "Ихсан" башкаруучулугунун директорлор кеңешинин төрагасы Эрмат Абылкасымовго карата шаардык сот Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал жазасын түзөтүү колониясында өтөйт жана үч жыл бою кызматта иштей албайт.
Биринчи инстанция февраль айында соттолуучу Абылкасымовду 11 жылга эркинен ажыраткан. Үй мүлкүн конфискациялоо менен үч жыл бою кызматта иштөө укугу чектелген.
Маалым болгондой, келтирилген материалдык зыяндын суммасы соттолгон Бекмурзаева менен Абылкасымовдон жана "Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативинен жабырлануучулардын пайдасына өндүрүлгөн. Келтирилген зыяндын суммасын өндүрүү жөнүндөгү токтом өкүмдүн резолюция бөлүгүнөн чыгарылып, жазанын калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.
Эске салсак, Бекмурзаева 2022-жылдын июль айында камакка алынган. Анда Ички иштер министрлиги маалымдагандай, март айынан тарта Кыргызстандын бардык аймактарынан "Ихсан" кооперативине кирген жарандардан арыздар түшө баштаган. Алардын айтымында, кирүү акысын (4-7 пайыз), ошондой эле сатып алынган мүлктүн наркы боюнча баштапкы төлөмдөрдү (25-50 пайыз) төлөшкөн. Бирок унаа да, турак жай да алышкан эмес.
2023-жылдын январь айына карата Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кооперативдин жетекчилиги тарабынан 121,3 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулган эмес. Буга байланыштуу борбор калаада 10 миң адам 150 миллион долларга алданганын айтып митингдерди өткөрүшкөн.
Кооператив жетекчиси 2020-жылдан бери 10 миң адам каражат салганын, эки жылда 3 800 киши турак жай алганын, калгандары кезекте турганын билдирген. Анын айтымында, акча талап кылган 1 400 акционердин 100үнө каражат кайтарылган. Калгандары арыздар көп болгондуктан кезекке турган.
Милициянын тергөөчүсү кылмыш ишинин документтерин изилдеп жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
ИИМ "Ихсан" турак жай кооперативи боюнча маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0