00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Мечты и реальность: как утопии превращаются в антиутопии
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Садыр Жапаров 25-июлда Париж саммитине катышат. Мындан тышкары, өлкө башчы 26-июлдагы XXXIII жайкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышары кошумчаланды.Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Анда Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.
ШКУга мүчө мамлекеттердин прокурорлорунун 22-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов келди.Аны аба майдандан Кыргызстандагы Россиянын элчиси Сергей Вакунов, башкы прокурордун орун басарлары Малик Бектурганов жана Нурбек Каимов тосуп алды."Иш сапардын алкагында Игорь Краснов Жеңиш аянтындагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстеликке гүлчамбар коет", — деп айтылат маалыматта.Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан менен Россиянын башкы прокурорлору жолугушат.
Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарбасын өнүктүрүүдө бири-бирине кандай жардам бере аларын экономист Нургүл Акимова айтып берди.Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышты.17-июлда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы технологияларды алмашуу жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн өзбек тарапка биргелешкен агроөнөр жай комплексин түзүүнү сунуштаган.Акимова буга комментарий берип жатып, Кыргызстанда айыл чарба жерлери боюнча маселе курч экенин белгиледи.
Жакынкы 15 жыл ичинде газ менен камсыздоо жана аны жетиштүү кылып таратууда Кыргызстанда көйгөй жаралбайт. 2026-жылдан тарта көгүлтүр отту арбын көлөмдө ташып келүү жана Бишкек ТЭЦин, ТЭЦ-2ни жана "Бишкек сельмаш" ТЭЦин да камсыздоо пландалууда. Бул туурасында "Газпром Кыргызстандын" директорунун экономика жана финансы иштери боюнча орун басары Арзымат Алдаяров айтып берди.Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде борбордук жылытуудан чыгуу боюнча өткөн брифингге катышты. Анда бүгүнкү күндө болжол менен жарым миллиард кубометр газ колдонулганын, ал эми компания ишин адеп баштаганда болгону көлөм 200 млн. кубометрдин тегерегинде болгонуна токтолду.Алдаяров жакында эле болгон Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстанга 2040-жылга чейин көгүлтүр от берип туруу боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюлгандыгын эске салды.
Биологиялык ар түрдүүлүк департаментинин өсүмдүктөр менен иштөө башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарды кабарлагандарга берилүүчү сый акынын жол-жобосун түшүндүрдү. Мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга салынуучу айып пулдар жогорулады. Ошондой эле браконьерлер тууралуу маалымат берген адамдар үчүн өндүрүлгөн айып пулдун 50 пайызы сый акы катары берилмей болду. Анын айтымында, сый акыны кабарлоочулар соттун чечиминен соң гана ала алышат.Ал Кызыл китепке кирген жаныбарлардын наркы теңдешсиздигин, аны атуу менен жаратылышка зор зыян келтирилерин кошумчалап, адамдарды табиятка аяр мамиле жасоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0