00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калдыбаева: коуч, насаатчы, психологдон билим аларда адисти жакшылап караштыргыла

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Сейил Калдыбаева
Психолог Сейил Калдыбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2024
Жазылуу
Психолог Сейил Калдыбаева бүгүнкү күндө акча табууну көздөгөн чала-чарпыт билими бар коуч-тренер, насаатчы, психологдор көбөйгөнүн айтты.
Адамдар тамакты ылгап жеп, кийимди ылгап кийгендей эле, билим аларда да адисти жакшылап караштырыш керек. Мындай пикирин Сейил Калдыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Калдыбаева: коуч, насаатчы, психологдон билим аларда адисти жакшылап караштыргыла
Анын айтымында, адам өзүн сыйласа мээсине эмне маалымат алып жатканын аңдашы керек.
"Тилекке каршы, учурда коуч, психолог окутуучулардын деңгээли начар. Бул тармакты кичине үйрөнүп алып эле окутуучу болуп чыга келип жатышат. Негизи, керектүү деңгээлде академиялык билим алышы керек. Анткени адамдарды окутуу — чоң жоопкерчилик. Айтып берип жаткан нерсең менен алардын тагдырында оң же терс роль ойноп калышың мүмкүн. Мындай учурлар көп. Учурда коуч же психологдор жашоосунунун буга чейинки же учурдагы көйгөйлөрүнө, жан дүйнөсүндөгү жарааттарына таянып, окутуп коюп жатышат. Өзүнүн үй-бүлөлүк атмосферасында эркектин ролу кандай болсо, аялзатына эркектин баары ошондой деп ынандырышат. Бул, албетте, кооптуу. Негизи адам бирөөнү окутуудан, кеңеш берерден мурда алгач өзү даярданып, иштеши керек. Көйгөйлөрүнөн, таарынычтарынан арылышы зарыл. Ошондо моралдык жактан укугу болот. Жубайлардын көйгөйлөрү менен иштешүүдө экөө менен тең иштешиң керек. Күйөөсүн көрбөй, аны менен жеке сүйлөшпөй туруп, аялынын айтканы боюнча бүтүм чыгаруу туура эмес. Бизде аял окуп, эркек окубаган тенденция бар. Мындан улам келиндин айткандарын гана угуп, "сен күйөөң менен тез арада ажыраш, аны менен келечегиң жок" деп окутуп коюшат. Соңунда аял эмоция коштогон абалы менен барып ажырашат. Бирок кийин өкүнөт. Өзүн-өзү өнүктүргүсү келгендер азамат, аларды колдойм! Бирок тамакты ылгап жегендей эле билим аларда адисти аябай изилдеңиз. Электен өткөрүңүз. Акча табууну көздөгөн коуч-тренер, психологдор менен билимдүү адистерди чаташтырып албаңыз", — деди Калдыбаева.
Ал ошондой эле коомдо үй-бүлө институту жабыркап, баалуулуктары жоголуп, жаштардын көбү турмуш курууда жоопкерчиликти сезбей жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0