00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өлкөдө айдоочуларга эскертүү берген LED-экрандар орнотулууда АКШда өзөктүк куралдарын кору боюнча маалыматтарды ачыкташты Садыр Жапаров Олимпиадага барчу спортчулар менен жолугуп, желек тапшырды
Президент Садыр Жапаров 33 - жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 33-жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугуп, ийгиликтерди каалады. “Силерди жүз миңдеген мекендештериңер жеңиш менен күтөт”, - деген, Мамлекет башчысы олимпиадачыларга дем-күч жана жеңишке болгон бекем эрк каалады. Муну менен катар уул-кыздарды таптап, дүйнөлүк майданга алып чыгып, Кыргызстандын атын таанытып жаткан жалпы машыктыруучулар жамаатына кесипкөйлүгү менен таланты үчүн ыраазычылык билдирди.Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров улуттук курама команданын капитаны Акжол Махмудовго Кыргызстандын Мамлекеттик желегин тапшырды.
Өткөн жылга салыштырмалуу фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, фостердик үй-бүлөлөргө окууга дагы 51 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат. Фостердик же багуучу үй-бүлө — мамлекет менен келишим түзүп, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды багат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар фостердик ата-эне боло алышат. Быйыл июлга карата мындай 110 бүлөдө 218 бала тарбияланууда. Өткөн жылга салыштырмалуу алардын саны 29 пайызга көбөйгөн.
Өлкөдө айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, коопсуздук курун тагынууга жана жалпы жол эрежелерин сактоого чакырган электрондук эскертүүлөрү бар LED- экрандар орнотулууда. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады. Билдирмеге ылайык, мындай аракеттер жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жасалууда. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы белгилегендей, башкармалык тарабынан туристтик мезгил учурунда өлкө аймагында айдоочулар үчүн эскертүүлөр жазылган 115 баннер жана 66 LED-экран жайгаштырылган.
2023-жылдын сентябрына карата АКШнын арсеналы 3 мин 748 өзөктүк дүрмөттөн турат. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигине караштуу Улуттук өзөктүк курал коопсуздугу боюнча башкармалыгы билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, 1994-жылдан бери АКШда 12 миңден ашык өзөктүк дүрмөт жок кылынып, дагы эки миңинин зыянсыздандырылышы күтүлүүдө. Мартта Улуттук өзөктүк курал коопсуздугу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Фрэнк Роуз АКШ өзөктүк мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чечим кабыл албаганын, бирок маселени олуттуу изилдеп жатканын айткан. Ал белгилегендей, Америка коркунучтарды азайтуу үчүн курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча Россия менен байланышуусу зарыл деп эсептейт. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 64 тыйынга 1 евро 92 сом 07 тыйынга 1 рубль 96 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 22-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндөрүндө +26...+31 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0