00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте саат 15-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы? Бул чыгарылышта:
Ошто базарды көчүрүү үчүн соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүИзраилдин аба күчтөрүнүн соккусунан улам Ливанда бир нече жарылуу болдуКыргызстан 300 млн долларлык алтын сатты алдыда кененирек...
Кыргызстан дээрлик 300 млн долларлык алтын сатты Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул январь айынан май айына чейинки көрсөткүч. Аталган беш ай ичинде 4 тонна 200 килограмм алтын экспорттолгон. Кыргызстандан алтын алган өлкөлөр: ▪️Гонконг — 1 тонна 848 килограмм алтын сатып алган; ▪️Улуу Британия — 1 тонна 401 килограмм; ▪️Швейцария — 971 килограмм; ▪️ Бириккен Араб Эмирликтери—13 килограммдан ашык алтын сатып алган. Өткөн жылы ушул аралыкта чет өлкөгө сатылган алтындын көлөмү 3 тоннаны 800 килограммды түзгөн.
Ош шаарындагы борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүлгөнүн шаардын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош мэриясынын кызматкерлери соодагерлер арасында базарды Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан жаңы соода жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүштү. Анын алкагында ишкерлер борбордук базардын жаңы жайгашкан жери менен таанышып чыгышты. Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 4 адамды, ошондой эле борбордук базарда бир аялды сел агызып кеткен. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолугуп, борбордук базар коопсуз жайга көчүрүлөрүн айтышкан. Мындан сырткары борбордук базарды шаардын коопсуз жагына жылдыруу иштери эки айлык мөөнөттү талап кыларын шаардын мэри Бакытбек Жетигенов билдирген. Ал арада базарда эмгектенген айрым соодагерлер базардын көчүрүлүшүнө каршы чыгышкан болчу.
Өлкөдө айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, коопсуздук курун тагынууга жана жалпы жол эрежелерин сактоого чакырган электрондук эскертүүлөрү бар LED- экрандар орнотулууда. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады. Билдирмеге ылайык, мындай аракеттер жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жасалууда. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы белгилегендей, башкармалык тарабынан туристтик мезгил учурунда өлкө аймагында айдоочулар үчүн эскертүүлөр жазылган 115 баннер илинип, 66 LED-экран орнотулган.
Израилдин аба күчтөрүнүн соккусунан улам Ливанда бир нече жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Билдирмеге караганда, сокку Адлюн районундагы ок-дары сакталган кампага жана коңшу райондорго жасалган. Мындан жергиликтүү үч тургун жарадар болгону айтылды. Басылма жазгандай, чабуулдан кампадагы снаряддар жарылып, мындан улам Сайда жана Тир шаарларынын ортосундагы трассада кыймыл токтотулган. Буга чейин Израиль армиясы Ходейда портуна жакын жердеги хуситтердин объектилерине сокку урулганын кабарлаган. Айрым маалыматтарга таянсак, кеминде эки адам каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0