Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргой турган 16 спортчу. Тизме
10:33 17.07.2024 (Жаңыртылды: 09:38 30.07.2024)
© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТокиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасы. Архив
© Sputnik / Владимир Астапкович
/ Жазылуу
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргой турганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эске салды.
Ири спорттук мелдеш 26-июлдан тарта 11-августка чейин Францияда өтөт. Кыргызстандан Олимпиадага төмөнкү спортчулар барат:
1.
Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм салмак категориясы, грек-рим күрөшү);2.
Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү);3.
Акжол Махмудов (77 кг, грек-рим күрөшү, команда капитаны);4.
Үзүр Жусупбеков (97 кг, грек-рим күрөшү);5.
Бекзат Алмаз уулу (57 кг, эркин күрөш);6.
Эрназар Акматалиев (65 кг, эркин күрөш);7.
Айаал Лазарев (125 кг, эркин күрөш);8.
Айсулуу Тыныбекова (62 кг, күрөш);9.
Айпери Медет кызы (76 кг, күрөш);10.
Мээрим Жуманазарова (68 кг, күрөш);11.
Денис Петрашов (сууда сүзүү);12.
Сардана Трофимова (жеңил атлетика);13.
Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);14.
Эрлан Шеров (90 кг, дзюдо);15.
Кубанычбек Айбек уулу (66 кг, дзюдо);16.
Елизавета Печерских (сууда сүзүү).