00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Пентагондун мурдагы аналитиги НАТО саммитинин жыйынтыгына нааразы болду

© AFP / SAUL LOEBНАТО саммити
НАТО саммити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2024
Жазылуу
НАТОго мүчө 32 өлкө менен альянстын өнөктөштөрүнүн лидерлери Вашингтондо чогулуп, үч күн жыйын курушкан.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. НАТОнун Вашингтондо өткөн саммитинин жыйынтыгы менен биргелешип кабыл алынган декларацияны Пентагондун мурдагы аналитиги жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы подполковниги Карен Квятковски сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, илгерки убакта документте айтылгандар "согуш жарыялоо" катары кабыл алынмак.
"Бул НАТО өзүнүн аймактык амбицияларынын чегин көрбөй, АКШнын каржылоосу менен дүйнөгө, анын ичинде Балтика деңизинде жана Тынч океанында тынчтыкка, коопсуздукка жана соодага коркунуч туудура турганынан кабар берет", — деди агенттиктин маектеши.
НАТОго мүчө 32 өлкө менен альянстын өнөктөштөрүнүн лидерлери Вашингтондо үч күн бою Украинага жардам берүүдөгү ролун күчөтүү, Россияга каршы багытталган жамааттык потенциалды чыңдоо, Батыш менен Кытайдын атаандаштыгы күч алышынан улам Азия-Тынч океан өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашкан.
Квятковскийдин айтымында, Москва менен Пекин сөз болуп жаткан жыйынтыктоочу документти кылдаттык менен карап, кол койгондордун "анык жүзүн ачыкка чыгарышы керек".
Аналитик документ ири согуш ачууну көздөй турганын, аны түзгөн альянс алысты көрө билбеген, уюшулгандан бери бир дагы согушту жеңбеген, анын ичинде өздөрү баштаган чатакты дагы утуп чыкпаган уюм экенин айткан.
Дагестандагы теракт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2024
ЖККУдагы өкүл: уюм Батыштын Кавказды чайпалтуу аракетин көрүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0